Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:16

АКШда сот 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүгө чектөөнү жокко чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нью-Йорктун соту президент Дональд Трамптын администрациясынын 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин жокко чыгарды. Аймактык соттун судьясы Жаннет Варгас өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деп тапты.

75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтотуу тууралуу чечимди АКШнын Мамлекеттик департаменти 2026-жылдын январында кабыл алган. Чектөө киргизүүгө бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү кирешеси орто жана төмөн мамлекеттерге кирери жана алардан келген иммигранттар АКШда социалдык жардам алуучуларга айланып, мамлекет алардын жашоосуна көп каражат коротуп калышы мүмкүн деген кооптонуу негиз болгон.

Бул чектөөгө Орусия, Армения, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия жана Молдованын жарандары да кабылган.

Судья Варгас Мамлекеттик департаменттин консулдук кызматтардын ишине мындай чектөө киргизүүгө ыйгарым укугу жоктугун белгилеп, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону ыйгарым укуктарынан ашып кеткен деп сындады.

Судья өз чечиминде айрым адамдарга жөн гана жарандыгына карап виза берилбей калган учурларды мисал келтирген. Алардын арасында АКШда өзүн камсыздоого толук мүмкүнчүлүгү барлар болгон - айрым талапкерлерди АКШда жумуш орду күтүп турган, ал эми башкалары үй-бүлө мүчөлөрү менен биригүү үчүн көчүп келүүнү көздөшкөн.

Мындай жарандыгына карап басмырлаган визалык саясат, судья Варгастын чечимине ылайык, 1965-жылы кабыл алынган АКШнын Иммиграция мыйзамына каршы келет.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG