Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштады

Сулайман-Тоо.
Сулайман-Тоо.

Оштун мэри Жанар Акаев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушун берерин билдирди. Бул тууралуу ал журналист Семетей Аманбековго берген интервьюсунда айтты.

Жанар Акаев Сулайман-Тоонун айланасын оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү үчүн ЮНЕСКО уруксат бербей жатканын, Мирбек Мамбеталиевге азырынча ооз эки сунуш бергенин кошумчалады.

“Сулайман-Тоонун тегерегине инвестициялык долбоорлорду алып келсек ЮНЕСКО “аны да карап көрөлү” дейт. Бир сом акча бербейт бирок Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесинде экенин билдиришет. Сулайман-Тоону айланта жол куралы десек “аны да карап көрөлү” дейт. Эл аралык коомчулук сөксө Ош мэриясын сөксүн, ЮНЕСКОдон чыкса чыгып эле кетеличи дедим”, - деди ал.

Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Ал беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Тоонун капталдарында 400гө жакын петроглифтер жана байыркы жазуулар сакталган. Сулайман-Тоо музей комплексинде 33 миңден ашуун экспонат бар, алардын катарына археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кирет.

Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган корук 134 гектарды камтыйт. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан.

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жашылдандыруу иштерине жана жаңы курулуштарга тыюу салынганын, бардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык ишке ашат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG