24-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына байланыштуу иштин жыйынтыктарын чыгарган жыйын өткөрдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-жылдар аралыгында өнөктүктүн алкагында 1500дөн ашык эки тараптуу жолугушуу өткөрүлгөн. 15 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлүп, Кыргызстан дипломатиялык алака түзгөн БУУга мүчө мамлекеттердин саны 185ке жетти.
“Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын ар бир элчисинин жалпы өнөктүккө жана өлкөнүн ийгиликтүү шайланышына кошкон салымы кеңири каралды. Ошону менен катар Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү боюнча иште пассивдүүлүк көрсөткөн айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилерине карата сын-пикирлер айтылды”, - деп билдирди ТИМ.
3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырган. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган эмес. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жеткен.
Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.
Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө - АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ. (BTo)
Шерине