Украинанын дрондору Орусиянын Адыгея республикасы, Дагестан жана Ставрополь крайында Ozon компаниясынын логистикалык борборлоруна чабуул койду.
Бул тууралуу маркетплейстин басма сөз кызматы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Телеграмдагы мониторинг каналдары билдиришти. Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев чабуулдун кесепетинен эки бала каза болуп, дагы жети адам жаракат алганын маалымдады.
Ozon компаниясынын билдирүүсүнө ылайык, дрон коркунучуна байланыштуу Адыгейск жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлордун кызматкерлери эвакуацияланган. Компаниянын маалыматы боюнча, кампалардагы товарлар жана объектилер зыян тарткан эмес. Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдар кызматтары иштеп жаткандыктан, кампалар убактылуу жабылган. Ал эми Дагестан менен Краснодардагы кампаларда өрт чыгып, кызматкерлер коопсуз жайларга чыгарылган. Дагестанда бир нече адам жабыркаганы да кабарланды.
Astra басылмасынын маалыматына караганда, украиналык дрондордун чабуулунан кийин Краснодар шаарындагы Круговая көчөсүндө жайгашкан Kuchenland Home дүкөнүнүн кампасы өрттөнгөн. Басылма компания Краснодардагы кампасына чабуул болгонун айтканы менен, зыян келтирилген объект Адыгеянын Тахтамукай районундагы Дружный конушунда жайгашканын жазды.
Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев украиналык дрондордун жапырт чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди. Анын айтымында, учкучсуз аппараттын сыныктары Краснодардагы менчик балдар борборуна түшүп, эки бала чарчап калды, дагы жети адам жаракат алган. Мындан тышкары, дрондордун сыныктары турак жайларга жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө түшкөн. Ошондой эле кампаларда өрт чыккан.
Адыгеянын башчысы Мурат Кумпилов да дрон чабуулун тастыктады. Анын айтымында, соккунун натыйжасында Тахтамукай районундагы Ozon логистикалык борборунун аймагында өрт чыгып, аны өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана техникасы тартылган.
Дагестандын убактылуу жетекчиси Федор Щукин Кумторкала районунда дрон сыныктарынын кулашынан инфраструктура объектиси жабыркап, кампаларда өрт чыкканын билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар жок. Astra басылмасы чабуул болгон Ozon логистикалык борбору Кумторкала районундагы "Тюбе" индустриалдык паркында жайгашканын жана бул компаниянын Түндүк Кавказдагы аянты болжол менен 130 миң чарчы метрди түзгөн эң ири кампасы экенин кабарлады.
Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров түн ичинде Невинномысск шаарынын өнөр жай аймагына багытталган соккунун мизи кайтарылганын билдирди. Бирок анын кесепеттери тууралуу маалымат берген жок.
Ростов облусунун башчысы Юрий Слюсардын айтымында, аймактын үстүнөн 120 дрон атып түшүрүлгөн. Мясников жана Тарасов райондорунда чөп менен бак-дарак күйгөн. Каменск районунда жеке турак үй жана автоунаага зыян келтирилген. Каменск-Шахтинский шаарында бир катар үйлөр менен чарбалык курулуштар жарым-жартылай зыян тартып, терезелери сынган, чатырлары, фасад жана эшиктери жабыркаган. Мектептин айнектери, айрым автоунаалар жана газ түтүгү бузулган.
Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы суткада Астрахань, Белгород, Брянск, Курск, Ростов облустарынын, Краснодар жана Ставрополь крайларынын, Адыгеянын, аннексияланган Крымдын үстүнөн, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваториясында жалпысынан украиналык 351 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Шерине