Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Ооганстан менен чектеш Дарваз районундагы "Рузвай" базары эки жумадан бери жабык турат.
Буга Ооганстанда "Талибан" күчтөрү менен козголоңчу командир Жумахон Фатех жетектеген топтун ортосундагы куралдуу кагылышуулар себеп болгонун "Озоди" радиосу жазды. Базарда Тажикстан менен Ооганстандан келген соодагерлер жана сатып алуучулар соода жүргүзүп турушчу. Дарваздагы булактардын айтымында, учурда Нусай аймагында абал тынч. Коопсуздук чараларынан улам чек ара базары ушул аптада да ачылбашы мүмкүн. Анын качан кайра иштери азырынча белгисиз.
"Талибан" бийликке кайра келгенден кийин да базар убактылуу жабылган. Кийинчерээк Тажикстандын бийлиги анын ишин кайра жандандырууга уруксат берген.
Буга чейин "Талибан" күчтөрү менен Жумахон Фатехтин тобунун ортосундагы кагылышуулардан улам Тажикстандын Дарваз районунун 21 жаштагы тургуну каза болгон. Дүйшөмбү тараткан маалыматка ылайык, ал өз үйүндө отурганда терезени тешип өткөн ок бооруна тийген. Жабырлануучу райондук борбордук ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
Тажикстандын бийлиги окуяны айыптап, "Талибан" өкмөтүнө нааразылык нотасын жөнөткөн. Өз кезегинде "Талибандын" Тышкы иштер министрлиги окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирип, ага "деструктивдүү жана оппортунисттик элементтердин" тиешеси бар экенин айткан. Бирок кайсы адамдар же топтор жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган эмес.
Бул окуядан кийин АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги америкалык жарандарды Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймактарына, айрыкча Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна барбоого чакырды. Чек аранын ооган тарабындагы кооптуу абалга байланыштуу АКШнын мамлекеттик кызматкерлерине бул аймактарга барууга убактылуу тыюу салынды.
Шерине