Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Милиция “Манас Ордодогу” жаңжалды териштирип жатат

Жаңжалдын видеосунан алынган сүрөт.
Жаңжалдын видеосунан алынган сүрөт.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы “Манас Ордо” комплексинде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин аты аралашкан жаңжал боюнча териштирүү башталганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, бул факты 22-августта Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга байланыштуу эч кимдин арыз доосу жок экенин билдиришкен, азыркы учурда териштирүү иштери улантылууда”, - деп айтылат маалыматта.

23-августта социалдык тармактарда “Манас Ордодо” мушташ болгону тууралуу видео тарап, Нурдан Орунтаевдин да аты аталган. Маалыматка ылайык, уруш министр “Манас Ордодогу” курулуштун жүрүшү менен таанышуу үчүн барганда чыккан. Видеону тартып жаткан белгисиз адам аны бирөө чапканын айтып, кишилер түртүшүп-тартышып жаканын көрүүгө болот. Видеодо Нурдан Орунтаев да бар. Ал окуя боюнча комментарий бере элек.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен “Тооашкан” компаниясынын жетекчиси Данияр Айбашов “Манас Ордо” комплексинде болгон жаңжал боюнча комментарий берди.

Эрмат Жумаев 23-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо айтылгандай, окуя 22-августта болгон. Данияр Айбашов “жумушка байланыштуу түшүнбөстүктөр болгонун” айтып, “ал чырга курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тиешеси жок экенин” кошумчалаган.

Эрмат Жумаев болсо “Манас Ордо” комплексинде “ич ара түшүнбөстүктөр болгонун” ырастап, маселе чечилгенин билдирди. Бирок экөө тең жаңжал кимдердин ортосунда чыкканын так айткан жок.

Таластагы “Манас Ордо” комплексинде реконструкция иштерин “Тооашкан” жүргүзүп жатат. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG