Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Казакстандагы парламенттик шайлоодо бийликчил "Адилет" партиясы алдыга чыкты

Голосование в Алматы на выборах депутатов в новый парламент Курултай. 23 августа 2026 года
Голосование в Алматы на выборах депутатов в новый парламент Курултай. 23 августа 2026 года

Казакстандагы парламенттик шайлоодо июнь айынын ортосунда бийликтеги "Аманат" партиясы (мурдагы "Нур Отан") менен бириккен "Адилет" партиясы алдыга чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялап, шайлоочулардын 71 пайыздан ашыгы "Адилет" партиясына добуш бергенин билдирди. Натыйжада партия парламенттеги 145 мандаттын 105ине ээ болушу мүмкүн.

"Адилет" партиясы 2026-жылдын 2-июнунда каттоодон өткөн. Аны президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Айбек Дадебай жетектейт. Ал шайлоо өнөктүгү башталганга чейин кызматынан бошотулган. Партиянын саясий кеңешинин курамына президент Касым-Жомарт Токаевдин жээни Дана Медеуова да кирген.

Парламентке өтүү үчүн зарыл болгон 5 пайыздык босогодон дагы бир нече партия өттү. "Ауыл" партиясы 6,26 пайыз, "Ак жол" 5,21 пайыз, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия 5,11 пайыз жана Respublica партиясы 5,56 пайыз добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Казакстандын Элдик партиясы менен "Байтак" партиясы парламентке өтө алган жок.

Казак Боршайкому шайлоого шайлоочулардын 74,19 пайыз келгенин билдирди.

Бул шайлоо март айында кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде өттү. Ага ылайык, Казакстандын парламенти эми бир палаталуу болуп калды. Буга чейин ал төмөнкү жана жогорку палаталардан турса, мындан ары мыйзам чыгаруу органы Курултай деп аталат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG