Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Садыр Жапаров Кыргызстан БУУну реформалоону колдой турганын айтты

Президент Садыр Жапаров. Бишкек, 1-сентябрь, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров. Бишкек, 1-сентябрь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ), анын ичинде Коопсуздук кеңешин реформалоону колдой турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 1-сентябрда Бишкек шаарында “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Садыр Жапаров саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылуу керектигин кошумчалады.

“Бул органдагы алдыдагы мүчөлүгүбүз БУУнун борбордук координациялоочу ролун бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Кыргызстан Коопсуздук кеңеши менен аймактык уюмдардын ортосундагы тыгыз диалогго көмөктөшүүгө, ошондой эле Борбордук Азияда татаал мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча топтолгон тажрыйбаны сунуштоого даяр”, – деди ал.

“ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышты.

Андан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, Мисир Араб Республикасынын премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух, Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Азербайжандын арезиденти Илхам Алиев жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.

3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырган.

Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган эмес. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жеткен.

Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.

Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө - АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG