Армениянын президенти Ваагн Хачатурян «Жарандык келишим» партиясынын лидери Никол Пашинянды премьер-министр кылып дайындады. Анын алдында, жаңы парламент ишке киришкен күнү өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Мындай жобо өлкө Конституциясында каралган.
Жаңы курам белгилүү болгуча министрлер өз милдеттерин аткара берет.
Июндагы парламенттик шайлоодо Пашиняндын партиясы добуштардын 50% же 105 орундуу парламентте 64 мандат алууга жетишкен. Муну менен «Жарандык келишим» өз алдынча жаңы өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Оппозициялык партиялар, анын ичинде «Күчтүү Армения» жана «Армения» блоктору шайлоонун жыйнытыгын таануудан баш тартакан. Алардын айтымында, административдик ресурс колдонулган жана талапкерлерге кысым жасалган. Эки блок Конституциялык соттон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
Армян бийлиги бул дооматтарды четке каккан.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алдын ала корутундусунда оппозициялык талапкерлерге кысым болгону айтылган.
Пашинян өкмөттү үчүнчү ирет жетектемекчи. ЕАЭБ, ЖККУ, КМШга мүчө Ереван Батыш менен жакындашууну көздөп, Москванын катуу кысымына кабылды.
Шайлоо алдында Еврошаркет Орусияны Армениядагы шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптаган.
Апрелдин башында Кремлде болгон кездешүүдө орус президенти Владимир Путин орус паспорту бар саясатчылар да шайлоого катышууга тийиш деп айткан.
Пашинянга Брюсселден тышкары АКШнын президенти Дональд Трамп да колдоосун билдирген.
Шерине