Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Флагштоктун жанындагы кыздардын мушташын милиция териштирүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы флагштоктун аймагында мушташкан кыздардын окуясы териштирилип жатканын кабарлады.

Облустук милициянын маалыматында 3-августтун таңында Аламүдүн районунун Арашан айылынын аймагындагы флагштокто жаштардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Аламүдүн райондук милициясында катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Ага тиешеси бар адамдар милиция бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Мушташтын катышуучуларынын бири милицияга арыз менен кайрылып, жаңжал өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын, эч кимге доосу жок экенин билдирген. Облустук милиция текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынарын билдирди.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат. Тасмадан эки-үч кыз жулмалашып жатканын көрүүгө болот. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG