Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:27

Путин Арменияны ЕБге кошулуу же ЕАЭБде калуу боюнча референдум өткөрүүгө дагы бир жолу чакырды

Никол Пашинян жана Владимир Путин. Бишкек. 1-сентябрь.
Никол Пашинян жана Владимир Путин. Бишкек. 1-сентябрь.

Орусиянын президенти Владимир Путин Арменияны дагы бир жолу Европа биримдигине (ЕБ) кирүү же Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) калуу боюнча референдум өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу орус президенти 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуусунда айтты.

Кремлдин сайтына чыккан маалыматка караганда, Владимир Путин референдумда армян эли кандай тандоо жасаса аны сыйлай турганын, бирок соода-экономикалык саясатты кабыл алынган чечимдерге карап жүргүзүү зарыл экенин билдирип, Никол Пашинянды референдум боюнча чечимди мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алууга чакырды.

“Бул маселе боюнча кийин референдум өткөрүү зарыл деп ачык айтып жүргөнүңүз эсимде. Мен ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын соңку саммитинде сиздин позицияңызды колдоп, Армениянын премьер-министри Никол Воваевич Пашинян бул боюнча ачык айтканын билдирип, кесиптештеримди да колдоого чакыргам. Анткени биз бул маселени канчалык тезирээк тактап алсак, ошончолук жакшы болот. Себеби бизге да Армения менен мамилелерди, биринчи кезекте экономикалык багытта, мындан ары кандай өнүктүрөрүбүздү түшүнүү зарыл. Айрым маселелер, мисалы, айыл чарба продукциясы, техникалык маселе боюнча Евразия экономикалык биримдиги менен Европа Биримдигиндеги талаптар таптакыр дал келбейт”, - деди Владимир Путин.

Никол Пашинян ЕБге кирүү же ЕАЭБде калуу боюнча референдум өткөрүү маселеси бышып жетиле электигин, так чечим кабыл алууга убакыт келе турганын айтты.

“Биз Орусия менен Армениянын ортосундагы, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги келишимдик базаны буга чейин да, андан кийин да талдап чыктык. Ачыгын айтканда, биз Армениянын Орусия жана Евразия экономикалык биримдиги алдындагы милдеттенмелеринин бузулушун тапкан жокпуз. Анткени Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү келишимде эгерде өлкө биримдиктен чыгууну чечсе, эмне кылуу керектиги так көрсөтүлгөн. Ал жерде мүчө мамлекеттин биримдиктен чыгарылышына жол бере турган эч кандай жобо жок. Эгерде өлкө Евразия экономикалык биримдигинен чыгууну чечсе, ал өнөктөштөрүнө алты ай мурун кабарлашы керек деп жазылган. Биз өнөктөштөрүбүзгө биримдиктен чыгууну көздөп жатканыбызды азырынча билдире элекпиз”, - деди ал.

Никол Пашинян 7-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйынында да алдын ала даярдык иштерин жыйынтыктабай туруп Армения Еврошаркетке кошулуу жана Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү боюнча маселеге байланыштуу референдум өткөрбөй турганын айткан.

ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ уюмдарына мүчө Ереван Батыш менен жакындашууну көздөп, Москванын катуу кысымына кабылган.

Армения 2024-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоткон. Андан бери ЖККУга мүчө мамлекеттердин бир катар жыйындарына катышкан жок. Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын бир канча жолу билдирген.

Арменияда Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам 2025-жылдын январь айында кабыл алынган.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ушул жылдын май айында Астанада өткөн саммитте Арменияны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБдин курамында калуу маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө чакырышкан.

Никол Пашинян бул сунушту буга чейин да четке каккан. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG