Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Эрдоган Түркия ШКУ менен кызматташтыкты өркүндөтөрүн айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Бишкек, 1-сентябрь, 2026-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Бишкек, 1-сентябрь, 2026-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыкты күчөтөрүн айтты.

Бишкекте 1-сентябрда өткөн саммитте ал болжол менен 3,5 миллиард калкты жана 35 триллион доллар өлчөмүндөгү ИДӨнү камтыган ШКУ соңку 25 жылда көп уюлдуу тартиптин ажырагыс элементтеринин бирине айланганын кошумчалады.

"Азия-Тынч океан аймагын жана Жакынкы Чыгышты бирдей карап, БУУнун ишин колдогон жана толуктаган уюм катары ШКУ эң оболу борборунда аймактык жоопкерчилик жаткан биздин көп кырдуу тышкы саясатыбызга шайкеш келген түзүмгө ээ. Биз уюм элдин бакубаттуулугу үчүн мааниси зор тоскоолдуксуз жана коопсуз транспорттук коридорлорду түзүүдө, энергия менен камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу тармактарда маанилүү роль ойной алат деп эсептейбиз. Биздин өлкө уюмга мүчө мамлекеттердин батыш базарларына чыгышын камсыз кылууда, өзгөчө энергетикалык коридорлорду диверсификациялоодо жана геосаясий тобокелдиктерди башкарууда чечүүчү роль ойнойт", - деди Эрдоган.

Эрдоган Азербайжан аркылуу өткөн Ортоңку коридор демилгесин "Бир алкак, бир жолго" шайкеш келтирүүгө умтулушарын жана ШКУ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылышарын кошумчалады.

Климаттын өзгөрүшүн изилдеген СОР31 жыйыны быйыл 11-12 ноябрда Анталияда өтөрүн эске салып, жыйындын катышуучуларын саммитке катышуу үчүн Түркияга чакырды.

"Биз дүйнөнүн ар кандай аймактарында климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери менен күрөшүүгө өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Жана ушул максатта 2026-жылдын 11-12-ноябрында Антальяда СОР31 саммитин кабыл алабыз", - деди Эрдоган.

Анкара аймакта жаңжалдарды диалог жана дипломатия жолу менен жөнгө салуу жоопкерчилигин өзүнө аларын айтты.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны, "ШКУ плюс" жолугушуусу 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү. Жыйындын соңунда 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.

Бишкек уюмга төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди.

2001-жылы Бээжин жана Кремлдин демилгеси түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG