Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

"ШКУ плюс": Гутерриш эл аралык келишимдер менен нормаларды сактоого чакырды

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш. 1-сентябрь, 2026-жыл. Бишкек
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш. 1-сентябрь, 2026-жыл. Бишкек

Бириккен Улуттук Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү максатында эл аралык институттарды реформалоо зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин алкагында өткөн "ШКУ плюс" жолугушуусунда билдирди.

Ал дүйнө көп полярдуу болуп баратканын белгилеп, бул тенденцияны бекемдеш керектигин кошумчалады. Гутерриш кызматташуудагы негизги төрт багыт катары глобалдык коопсуздук, өнүктүрүүнү каржылоо, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү жана жасалма интеллекти жөнгө салууну атады.

"Адилеттүү дүйнөлүк тартипти куруу үчүн биз Бириккен Улуттар Уюму жана Бреттон-Вудс системасы сыяктуу көп тараптуу институттарыбызды заманбап реалдуулукка ылайыкташтырып реформалашыбыз керек. Ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн жана таасирин кеңейтишибиз керек", - деди Гутерриш.

Баш катчы эл аралык коопсуздук маселесине, Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, эл аралык келишимдер менен нормаларды сактоого чакырды.

"Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын кесепети узакка созулчудай, ок атышпоо тууралуу жетишилген келишимдер дайыма бузулуп, ак атышуу уланууда. Дүйнөгө эл аралык укуктарды, эркиндикти камсыз кылуу менен тынч, адилет жана узакка созулган жөнгө салуу зарыл. Газада ок атышууну токтотуу зарыл. Гуманитардык жардам корсөтүүгө тоскоолдуктар тез арада жоюлушу керек", - деди ал.

Украина маселесине токтолгон Гутерриш адилеттүү жана туруктуу тынчтык боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачуу үчүн ок атууну толук жана токтоосуз токтотуу зарыл экенин билдирди.

"ШКУ плюс" жыйынында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюму өз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы мамиленин жакшыртуу боюнча резолюцияларды ишке ашырууга эч кандай роль ойнобогонун айтты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ), анын ичинде Коопсуздук кеңешин реформалоону колдой турганын билдирди.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны, "ШКУ плюс" жолугушуусу 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү. Жыйындын соңунда 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышты.

"ШКУ плюс" жолугушуусуна уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынан сырткары өнөктөш жана абйкоочу өлколөрдүн башчылары катышты.

2015-жылдан бери альянс Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышты көздөй кеңейип отуруп, ушу тапта ага 10 өлкө кирет, диалог боюнча өнөктөш мамлекеттин арасында Түркия, Азербайжан, Катар жана башкалар бар. Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG