Өкмөт эттин баасы менен алпурушуп жаткан маалда картөшкө 15-16 сомдон эле сатылып, дыйкандар эмгеги акталбай жатканына даттанууда. Айыл чарба министрлиги буга быйыл картөшкөнүн түшүмү жакшы болуп, базарда сунуш көбөйгөнү себеп экенин айткан. Бирок, ошол эле маалда, кыргыз базарын Кытайдан келген картошка каптап жатканын дагы айткандар бар. Министрлик импортко чектөө кириши мүмкүн экенин айтты.
"Эттин баасын туруктуу кармоо үчүн өзүбүз да мал багып жатабыз"
Кыргыз өкмөтү эттин баасын туруктуу кармап туруу үчүн жан үрөп жатат. Айыл чарба министрлиги бул үчүн бир катар иш-чараларды аткарып жатканын билдирүүдө. Министр Эрлист Акунбеков мамлекет өзү ачкан чарбанын эт рыногуна тийгизер таасири тууралуу видеобаян жасады.
“Биз дыйкандардан малды сатып алып, ушул жерде үч ай кармап бордоп семиртип, кайра ортомчусу жок, базарга алып чыкпай, өзүбүздүн “Агрохолдингдин” астында 10дой фудтрактарыбыз аркылуу ортомчусу жок, өзүбүз түздөн-түз шаардыктарга сатабыз деген жакшы ниетте ушул жумушту баштадык. Бүгүнкү күндө жыйынтыгыбыз жакшы. Жалпысынан 1700 малыбыз бар. Биз турган Жаңы-Пахта эскиден сарай болуп келген, ушул сарайдын өзүнүн 500 гектарга жакын тоют өстүрүүчү жерибиз бар. Ал талаадан өстүрүп, өзүбүз техника алганбыз, техника менен ушуларга тоют даярдайбыз. Тоют даярдап, семиртип, базарга алып чыгып фудтрактар аркылуу шаардыктардын этке болгон муктаждыгын жаап беребиз деген чоң ниет менен баштадык. Эми бул жерде жакынкы арада, жылдын аягына чейин башты 7000ге чейин көбөйтөбүз деп пландаштырып атабыз”.
Министр жыл соңуна чейин бордолгон малдын башын 10 миңге чейин көбөйтүү, 2027-жылы 50 миң башка жеткирүүнү пландап жатканын билдирген. Андан кийин ар бир облуста мал чарбаларын ачып, ири чарбаларга жеңилдетилген насыяларды берүүгө умтуларын айткан.
"Бааларды турукташтыруу үчүн ири мал чарбалары, тоют базалары жана сатуу жайлары түзүлөт"
Өкмөттүн калкты эт менен камсыздоо маселесине тыкыр киришип калганынын жөнү бар. Соңку мезгилдерде эттин баасы өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда тездик менен өсүп, калктын нааразы пикирин да жаратып келет.
Маселен, Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери эле эттин баасы орточо 21% өстү. Жыл башында уй эти 708 сомдон болсо, сентябрдын соңунда 838 сомго жетти. Кой эти 703 сомдон 868 сомго чейин өстү. Жылкы эти январдагы 669 сомдун үстүнө 138 сом кошту.
Бул Улуттук статистика комитетинин азык-түлүк базарына жасаган күндөлүк мониторингинин маалыматтары, анда өлкөнүн 18 чоң-кичине шаарларындагы баалар чогултулган. Эт Ош, Бишкек, Токмок, Өзгөн, Кара-Суу, Нарын, Манас, Балыкчы жана Кербен шаарларында эң кымбат – 880 сомдон 894 сомго чейин сатылат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу өкмөт фермерлерди этти арзан саттыралы деген ниеттен алыс экенин, ошол эле маалда короосунда малы болбогон ири шаарлардын калкынын эт сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө караган ортолук саясатты кармаганга аргасыз болуп жатышканын айтат.
“Эки жума мурун эле Министрлер кабинетинин атайын буйругу менен «Инфляцияга каршы турукташтыруу планы» бекитилди. Ошол жерде Айыл чарба министрлигине айыл чарба бааларын турукташтырууга 2027-жылга 38 млрд сом каралып жатат. Салыштыруу иретинде айта кетсем, 2026-жылы айыл чарбаны колдоо программаларына 13 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми 2027-жылга 38 млрд сом, дээрлик үч эсе көп каражат бөлүнүп жатат. Тоют заводдору салынат, беш миңдеп, он миңдеп, жыйырма-элүү миңдеп мал кармай турган чоң-чоң базаларга басым жасалат. Минкабдын узун мөөнөттөгү пландары ушундай нукта баратат. Ал эми кыска мөөнөттө болсо жанагы 1 млрд 132 млн сомду жеңилдетилген шартта жеке жактарга берип жатабыз. Бизге да каражат бөлүнүп берилген. Өзүбүз дагы ошол каражатка малды сатып алып, бордоп киргизип жатабыз. Жанагындай социалдык точкаларды ачып жатабыз».
"Министрлик ишкердик кылбай, айыл чарба саясатын жакшыртса"
Расмий статистикага таянсак, 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстан 21 миң 300дөн ашуун бодо мал, 200гө чукул жылкы жана 170 кой-эчки экспорттогон. Алардын дээрлик бардыгы Өзбекстанга сатылган. Ошол эле маалда 5300дөй бодо мал жана 1300дөй жылкы импорттогон. Эксперттер мал экспортунда аткезчилик тыйыла электигин айтып коңгуроо кагып келишет.
Экономикалык талдоочу Уран Чекирбаев Кыргызстан эт менен өзүн толук камсыздай албагандыктан импорттон көз карандылыгы бар экенин айтат. Эксперт министрлик ишкердик менен эмес, айыл чарбаны өнүктүрүү саясат жүргүзүү менен алектениши керектигин айтат:
«Министрликтин биринчи максаты – айыл чарба багытында саясатты жүргүзүү. Алар коммерциялык ишти алып барбашы керек. Эми «Агрохолдинг» түзүлдү, туура. Ал аркылуу аярлуу калкка жардам бериш керек, бардыгына эмес. 570 сомдон Беларустан алып келип, сатып атышат. Нагизи, бул саясат кыска мөөнөттө туура эле. Бирок, узак мөөнөттө бул саясат канчалык туруктуу? Себеби, министрлик өзүнүн ресурстарын, билимин, компетенциясын бардык фермерлерге жардам бергендин ордуна, өзүнүн бизнесин алып барганга сарптап атпайбы».
Чекирбаев, толук мамлекеттик эмес, жарымынан азы өкмөткө, көпчүлүк бөлүгү жеке менчикке таандык ишканалар иштесе натыйжасы майнаптуураак болот беле деген божомолун ортого салууда. Анын үстүнө өкмөт эттин баасын түшүрүү максатына жетеленбей, калктын сатып алуу жөндөмүн арттырып, аярлуу катмарды даректүү колдоого алса жакшы болмок деген пикирин айтууда.
«Килтейген мамлекеттик ишканаларды ачып, аларга миллиарддаган акча коротуп, аягында алардын башчыларын кайра түрмөгө отургузуп, финансылык бузууларды таап эмне кереги бар. Анан, кээ бир жерлерде ошол эле мамлекеттик ишканалар монополия түзүп атышпайбы. Бир эле мисалы айтайын, азыр малдын бардыгын «Кыргызагрохолдинг» аркылуу Өзбекстанга кетип атат. Ошонун эсебинен акчаны иштеп атышат. Рынок атаандаштыруу системасы менен өнүгөт. Эгерде биз ушундай жол менен барсак, анда фермерлерге ошол эле малды өстүрүүгө, ошол эле айыл чарбасын алып барууга такыр пайдасы жок болуп калат».
"Картөшкө арзан, короткон чыгымды да актабай жатат"
Бу тапта дыйкандар картөшкөсү арзан баада болуп, чыгымын актабай жатканын айтып чыгууда. Чоң-Алай районунун тургуну Айсалкын күз менен күрөшө жыйнап жаткан түшүмүн жеринде 20 сомдон сатканга мажбур болуп жатышканын айтат:
«Картөшкөнүн бүгүнкү күндөгү баасы бир аз өзүн актабай жатат. Анткени картөшкө тердирүүдө биз ар бир теримчиге 1500дөн 2000 сомго чейин акча төлөп берип, тердирип атабыз. Андан тышкары, картөшкөнү жүктөп келген балдар дагы өзүнчө акча алышат. Ошентип бүгүнкү күндө талаадан терилип келип сатылган картөшкөнү ордунда 20 сомдон сатып атабыз. Ал эми Ош шаарына жүктөп барып сатканда 25 сомдон болуп жатат».
Кыргыз дыйкандары адатта жылына 1,2 млн тонна картөшкө өндүрөт. Калктын керектөөсүнө 800 миң тоннасы сарпталып, дагы 200 миң тоннасы кийинки жылга үрөн катары колдонулат. Калганы экспорттолот. Бирок, ага карабай, соңку жылдары кыргыз базарларын Кытайдан келген картөшкө каптап, дыйкандардын соодасына жолтоо болуп келет.
Быйыл картөшкө дыйкандын колунда арзан болуп, бирок шаарларда 70-80 сомго чейин чыгып кетти. Расмий маалыматтарга карасак, картөшкө жылдагыдан түшүмдүү болуп, көлөм суроо-талапка караганда көбүрөөк болууда.
Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу түшүмдүн арзан экенине карабай, дыйкандын эмгеги кайсы бир деңгээлде акталып жатканын айтат:
"Биз баалардын убактылуу гана төмөндөшү деп эсептеп жатабыз. Анткени, биздин картошка салттуу түрдө сатылып келген жерлерде эч кандай жолтоолор же бөгөт жок. Болгону, быйыл картошканын түшүмдүүлүгү жакшы. Кудайга шүгүр, жылдан жылга бизде түшүмдүүлүк жогорулап келет. Мисалы, былтыр бир гектардан орточо 14-15 тонна картошка алынган болсо, быйыл орточо 16-17 тоннага түшүмдүүлүк жогору болуп турат. Бул жакшы нерсе. Ал эми дагы алдыга кеткен, агротехнологиясын жакшы колдонгон чарбаларда болсо бир гектардан орточо 30 тоннага чейин картошка өндүрүлгөн. Биз эсептегенде, бир килограмм картошканын өздүк наркы орточо 11-12 сомдун тегерегинде болуп жатат».
Өлкөдө картөшкө маселеси кызуу талкуулана баштаганда өкмөт импортко алты айлык чектөө киргизүүгө ниеттенип жатканын жарыялады. Жарыяланган токтомдун долбоорунда картөшкөнүн импортун 07019050 деген товардык-номенклатуралык коду аркылуу чектөө жөнүндө жазылган.
Арийне, Кыргызстанга импорттолгон картөшкө чек арадан адатта ал код аркылуу эмес, андан бир аз айырмаланган башка код менен (07019000) өтөрү маалым. Маселен, 2026-жылдын январь-август айларында Кытайдан 74 миң тоннадан ашуун картөшкө келген. Ал эми кыргыз тараптын эсеби 21 миң тонна келгенин баяндоодо.
Ошондуктан, импортту чектөө чарасынын натыйжа берери башынан эле күмөн жаратууда.
Шерине