"Фермерлер арызданып жатат"
Бишкектеги эт саткан базарларда кадимки соода кызуу жүрүп, желим баштыкка эт көтөргөндөрдү четтен кезиктирсе болот. Кардарлардын айрымдары Орусияда, Казакстанда жана, кээ бир депутаттардын билдиришинче, Кыргызстанда мал ылаңдап жатканы тууралуу маалыматтан кабары жок экенин айтса, айрымдары өкмөт бул жааттагы коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөп турарына ишенерин, демек, эч коркпой сатып алып жатканын билдиришти.
20 жылдан бери эт сатып оокат кылган соодагер Жылдыз Сыдыкова кардарларына сунуштаган эт азыктарынан кооптонбой турганын айтууда. Балким бирин-серин мал ылаңдап калган болушу мүмкүн экенин айткан сатуучу эгер жапырт көйгөй жаралса эт арзандап, баасы түшүп, талап азаймак дейт:
"Жем, суу, чөп кымбат. Баккандар семиз малын арзан сатпайт. Биз эмнеге мында баа көтөрүлүп кеткенин билбейбиз. Ал эми коопсуздугу боюнча күндө текшерүүдөн өткөнүн тыстыктап туруучу коштомо кагаздар берилет".
Ветеринардык кызмат ылаңдаган малдын союлуп, базарга түшүшүнө жол бербей турганын эт саткандардын дагы бири белгиледи:
"Ветеринардык кызматтар текшерет. Алардан тастыктама кагаздары бар. Мына, көрсөңүздөр болот. Өздөрүнүн лабораториялары бар, түнкү саат экиден баштап ушул жерде иштешет".
Кыргызстанда мал ылаңдап жатканы, эт азыктарынын тазалыгы, коопсуздугу тууралуу маселе алгач март айынын башында Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.
Депутат Дастан Бекешев Орусияда, Казакстанда шарп ылаңы жайылганы тууралуу кабарлардын чын-төгүнүн сураганда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев андай маалымат расмий тастыкталбаганын айтып жооп берген. Кыргызстанга байланыштуу жагдай тууралуу Дүйшеев:
"Бизде абал туруктуу. Ветеринардык көзөмөл жүрүп жатат", - деп билдирген.
Депутат Бекешев фермерлерден шарп тууралуу маалымат Нарын, Баткен, Талас облустарынан келип жатканын, эл өлкөдөгү эпизоотиялык абал тууралуу так билүүгө укуктуу экенин айткан.
Парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 9-марттагы ушул эле отурумунда мал баккан фермерлер жапа чегип, өкмөттүн жардамына муктаж болуп жатканын депутат Исманали Жороев да айтып чыккан:
"Шарп чындап эле күчөп кетти. Чүй облусундагы фермерлер да “малыбыз өлүп жатат” деп кайрылууда. Мен кечээ Баткенге барып келдим, ал жакта да аябай күчөп кетиптир. Өкмөт кантип чечет? Фермерлердин малын сактоо, зыянды азайтуу үчүн кандай чара көрөт?"
Бул тууралуу сөз 16-мартта да Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, кен, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин отурумунда болуп, депутат Табылды Муратбеков шарп ылаңы боюнча аймактардан кайрылуулар көп келип жатканын айткан:
"Фермерлерден "Мал жем жей албай калды, температурасы көтөрүлүп жатат, айрым учурда кадимкидей өлүмгө учурап жатат" деген маалымат келүүдө".
Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев анда да маалыматтарды четке каккан:
"Расмий түрдө катталган андай оору жок. Жалпысынан эпизоотикалык абал көзөмөлдө. Вакцина боюнча эч кандай маселе жок".
Депутат Муратбеков министрдин бул жообунан кийин, балким, анын маалыматы жок экенин айтып, "Шарп боюнча абал оор экен. Вакцинаны жылына бир жолу кылат экен, бирок ал өз таасирин бербей жатыптыр" деген.
"Кооптонууга негиз жок"
Ошол учурда социалдык тармактарда ылаңдаган малдын тарпын өрттөп жаткан видеолор тараган. Анын баары Орусиянын аймагында тартылганы кийин белгилүү болду. Коңшу Казакстан Орусиядан мал жандык жана эт азыктарын сатып алууга, өлкөгө киргизүүгө чектөө койгон.
Мына ушундай жагдайда Кыргызстанда да кооптонуу жаралып, социалдык түйүндөрдө талкуу башталган. Анткени өлкөгө сырттан, тагыраагы, Орусиядан да эт импорттолот.
Министрликтин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев сырттан эт азыктарын импорттоого чектөө киргизүүгө негиз жок экенин айтты:
"Орусиядан, Казакстандан эт бизге кирбейт дегенден алысмын. Бирок аз көлөмдө кирет. Азыр эми оору жүрүп жатат деп айтылууда. Бирок бул ал жактагы ири корпорациялар менен чакан фермалардын ортосундагы эле маселе болуп жатат. Орусиянын бир-эки облусунда гана. Орусияда айтылып жаткан оорулар дарылоого боло турган эле ылаңдар. Биз ал жактагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер Орусиянын ветеринардык кызматы ошол облустарга тыюу салса, анда биз да импортко чектөө киргизебиз".
Орусиядан Кыргызстанга тирүү бодо мал да кирет. Министрлик алар урук алуу, малдын башын көбөйтүү максатында асыл тукум мал катары кирерин, эрежеге ылайык текшерүүдөн өтөрүн айтууда.
Ошентип, айыл чарба министрлиги эт азыктарынын тазалыгынан күмөн санап, кооптонууга негиз жок экенин билдирүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы 23-марттагы маалыматында Кыргызстанга жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлгөнүн билдирген.
"Жугуштуу ылаңдардын козгогучтары, ошондой эле биологиялык коопсуздукка жооп бербеген жаныбарлардан алынган продукциялардын жана азык-түлүктүн Кыргыз Республикасынын аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча тиешелүү алдын алуу чаралары көрүлөт. Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо уюмунун (WAHIS) маалымат тутумунда жарыяланган расмий билдирүүлөргө ылайык, жаныбарлардын жугуштуу оорулары катталган өлкөлөр же аймактар боюнча эпизоотиялык кырдаалга баа берилет. Ошого ылайык, ал жактардан ташылып келүүчү жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул иш-чаралар өлкө аймагында эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, ветеринардык жана биологиялык коопсуздукту камсыздоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун коргоого багытталган".
Ошону менен катар министрлик жарандарды жана чарба жүргүзүүчү тараптарды ветеринардык-санитардык мыйзам талаптарын так сактоого чакырган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстан былтыр бир жыл ичинде 269 миң тонна эт өндүргөн. Ал эми жалпы керектөө 314 миң тоннага жетет. Калган бөлүгүн Казакстандан, Беларустан, Орусиядан импорт кылат. Негизинен аталган өлкөлөрдөн тооктун эти алынат. 2025-жылы Кыргызстан 92 миң тонна эт сатып алган.
Кыргызстан Орусиядан шарп ылаңына каршы жалпысынан 4,5 млн доза вакцияна сатып алары 3-апрелде белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Орусиянын Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл орусиялык илимий-изилдөө институту шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцина алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Аны жакын арада алып келишери белгиленди.
Мындан сырткары быйыл жай мезгилинин аягына чейин малды масштабдуу эмдөө үчүн кошумча 3,5 миллион доза алып келүү пландалууда.
Шарп - ача туяктуу малды жабыркаткан вирустук ылаң. Анын негизги жети тиби жана бир канча варианты бар. Ылаңдаган мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдаган малдын тезеги, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдаган малдан, чийки сүтүнөн жана андан даярдалган сүт азыктарынан жугат.
Былтыр күз айларында Азербайжанда шарптын айынан мал боо түшүп кырылганы тууралуу маалыматтар чыккан. Өлкөнүн ветеринарлары Түштүк Африкада катталган шарптын SAT-1 агрессивдүү штаммы аларга Түркия жана Ирандан келгенин айтышкан.
Айрым ветеринарлар ылаң Орусияга же Казакстанга өтүп, андан бизге тарашы мүмкүн деп күмөн санашат. Бирок ЕАЭБге мүчө Орусия да, Казакстан да бул ылаңды расмий ырастаган жок.
Кыргызстанда учурда малды шарп, күйдүргү, карасан, оспа, бруцеллез ылаңдарына каршы жазгы эмдөө иштери жүрүүдө. Быйыл вакцинация үчүн мамлекет 135 млн сом бөлгөн.
Орусия
Абал айрыкча Новосибирск аймагында курч экени быйыл март айынын ортосунда белгилүү болгон. Жергиликтүү бийликтердин жаныбарларды жапырт кырганы фермерлерди нааразы кылган. Аймактын бийликтери малды кырып, өрттөп жатканын пастереллез жана кутурма ылаңы жайылганы менен түшүндүргөн.
Би-Би-Синин орус кызматы аймакта малды кырууга каршы айрым адамдар кармалганын жазган.
Бир катар аймактардын тургундары кырылган малдын тарпы дароо өрттөлбөй, жору-кузгунга, түлкү жана жолбун ит-мышыкка жем болуп эки-үч күн жатканын айтышкан.
Аймактын аткаминерлери ылаңдын жайылышын кышка шылтаган. Алардын айтымында, кар калың жаагандан улам жапайы айбандар элдүү конушка түшүп, эмделбеген малга тиш салганы үчүн ылаңдар жайылып кеткен.
Жыл соңунан бери Орусиянын ондогон аймагында пастереллез катталып, ага күмөн саналган миңдеген баш уй, кой, төө жана чочко жок кылынган. Новосибирск облусунун бийликтери пастереллез жана кутурма жайылды дегени менен коомчулукка документти ачык көрсөткөн эмес.
Мындан улам Орусиянын бийликтери вирустук шарп (ящур) ылаңын жашырып жатышы мүмкүн деген күмөн саноо күч. Эрежеге ылайык, шарп жуккан мал дароо жок кылынып, тарпы өрттөлөт.
“Коммерсант” басылмасы булактарына таянып ылаңга байланыштуу абал Орусиянын бизнес чөйрөсүнө дүрбөлөң салганын жазган. Адатта шарп катталган өлкөнүн эт жана сүт өнүмүн экспортко чыгарууга тыюу салынат. Ошол себептүү шарп жашыруун чөйрөдө гана сөз болуп, ачык айткандарга кысым болуп жатканы айтылган.
Казакстан
Орусиядагы эпизоотиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан коңшусунун бир катар аймактарынан тирүү мал жана эт азыктарын алып өтүүгө убактылуу чектөө киргизган.
Казакстандагы айрым медиалар быйыл Атырау, Кызылордо, Чыгыш-Казакстан, Павлодар облустарында бодо мал арасында “шарпка окшош ылаң” жайылганын жазганын көрүүгө болот. Ветеринария илимдеринин доктору, профессор Гайса Абсатиров ветеринардык кызматтын эпизоотиялык кырдаалды жашырып, ылаңды стоматит, ринотрахеит жана башка инфекциялар менен атаганын сынга алган. Окумуштуу ылаңдын белгилери "шарптыкына көбүрөөк окшош" экенин белгилеген.
"Ылаңдаган мал биз аркылуу Өзбекстан жана Кыргызстанга өтүп жатканын белгилей кетүү керек. Мамлекет аралык ветеринардык кызматтын мүчөлөрү жана эпизоотиялык абалга көз салган ЕАЭБ байкоочулары кайда? Эмнеге Казакстандын аймагы кооптуу инфекциялык ылаңдардын очогуна айланууда? Эмнеге Кыргызстан жана Өзбекстан “чаң соргучтан” бетер ылаңдаган малды чогултуп жатат? Жаныбарлардын кийинки тагдыры кандай болот? Бул жерде адамдарга коркунуч келип, улуттук коопсуздукка тиешелүү болуп жатпайбы”, - деген Абсатиров.
Шерине