Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Ветеринардык кызмат сырттан мал кирбегенин, өлкөдө пастереллез катталбаганын билдирди

Учурда Кыргызстандын аймагына Орусия баштаган өлкөлөрдөн тирүү мал кирген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык-санитардык коопсуздук башкармалыгы "Азаттыкка" билдирди.

“Орусия Федерациясынын атайын органы бар. Пастереллез чыккандан кийин карантин жарыялашып, малды сыртка чыгарууга чектөө коюшкан. Азыркы учурда Орусиядан бизге мал келген жок. Казакстан дагы өткөрбөйт, биз дагы кабыл албайбыз", - деди аталган кызматтын башчысы Тилек Табалдиев.

Буга чейин Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгы да Кыргызстанда пастереллез катталбаганын жана эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирген.

Казакстан Орусиядагы эпизоотиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу бул өлкө менен чектеш бир катар райондорунда тирүү малды ары-бери ташууга убактылуу чектөө киргизгенин "Интерфакс" агенттиги билдирди.

Учурда Орусияда миңдеген баш мал пастереллезго жана кутурмага күмөн саналып өлтүрүлүп, тарпы өрттөлдү. Бул эл арасында нааразылык жаратууда.

Айрым адистер пастереллез бактериялык ылаң болгондуктан мынчалык коркунуч туудурбасын, орус бийликтери шарпты жашырып жатканын айтышкан. Учурда Казакстанда да малдын ылаңы жайылып, өлкөнүн ветеринарлары аны ринотрахеит деп аташууда.

Малдын ылаңы соңку айларда Кыргызстанда да күч алган. Айрым депутаттар анын белгилери шарптыкына окшош экенин айтып, парламентте бир канча жолу бул маселени көтөрүшкөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө шарп катталбаганын, эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирип келет.

  • Пастереллез - Pasteurella тукумундагы бактериялар козгогон малдын, канаттуулардын жана жапайы айбандардын жугуштуу ылаңы. Ылдам өрчүп, дем алуу жолдорун, муундарды жабыркатып, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Жаныбарлар арасына тезек, заара, мурун суюктугу аркылуу тарайт. Адам ит-мышык тиштегенде жугушу мүмкүн.
  • Шарп - ача туяктуу малды жабыркаткан вирустук ылаң. Анын негизги жети тиби жана бир канча варианты бар. Ылаңдаган мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдаган малдын тезеги, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдаган малдан, чийки сүтүнөн жана андан даярдалган сүт азыктарынынан жугат. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG