Беларус бийлиги 19-мартта бир катар саясий туткундарды бошотту. Маалыматтарга ылайык, алардын арасында коомдук ишмерлер, оппозициялык активисттер, журналисттер жана 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын катышуучулары бар.
АКШнын Вильнюстагы элчилиги жалпы 250 адам бошотулганын билдирди. Алардын 15и Литванын аймагына жеткирилген, 235 киши Беларустун ичинде калды. Бул соңку жылдардагы абактан эң көп адам бошотулган учур.
"Свобода" радиосунун беларус кызматы активист Ким Самусенко менен журналист Катерина Андреева (Бахвалова) бошотулганын билдирди. Укук коргоочу Настя Лойко да эркиндикке чыкты.
Беларус лидеринин басма сөз кызматы Александр Лукашенко 250 адамга "гуманизм себептеринен" улам мунапыс бергенин маалымдады. Анткен менен өлкөдө саясий айыптар менен соттолгон жүздөгөн адамдар дагы деле абакта калууда.
19-мартта Минск шаарында Лукашенко менен АКШнын Беларус боюнча атайын чабарманы Жон Коул жолугушуп, саясий туткундарды бошотуу маселесин талкуулашкан.
БелТА агенттигинин жазганына караганда Лукашенко "эки тараптуу мамилелерди, элчиликтин ишин калыбына келтирүүдөн тартып, “саясий туткун” деп аталгандарды бошотууга чейин талкуулап жатканын" айткан. "Бизде андай беренелер жок", - деген беларус лидери.
Лукашенко АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Кристофер Смит саясий туткундарды бошотууга "тыкыр көз салып" жатканын айтты.
"Беларус тарап биздин макулдашууларды аткарууга даяр. Бул жерде олуттуу көйгөйлөр болбойт деп ойлойм", - деди Смит.
Коул жолугушуудан кийин Вашингтон менен Минскинин алакасы жакшырганын, АКШ "Белинвестбанкка", Беларустун өнүктүрүү банкына жана Финансы министрлигине салынган санкцияны алып саларын билдирген.
Атайын чабарман Х социалдык баракчасына абактан бошотулган саясий туткундар менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Жон Коул Минскиге Литвадагы сапарынан кийин барды. Ага чейин ал Литванын премьер-министри Инга Ругинене менен жолуккан.
Трамптын атайын өкүлү Литва Сейминин өкмөттүн позициясына макул эмес жана расмий Минск менен диалог түзүүнү колдогон депутаттары менен да жолугушкан.
Депутаттардын биринин айтымында, Коул жолугушууда АКШ Вашингтон менен Минскинин мамилелери жакшыра турган болсо Лукашенко режими Орусиянын жандоочусу болбой калат деп үмүт артарын белгилеген.
БелТА агенттигинин маалыматында, Коул Лукашенко менен "АКШ сапары" тууралуу да сүйлөшкөнүн жана тараптар аны уюштуруу ишин алып барарын билдирген. Коул Трамптын демилгеси менен түзүлгөн "Тынчтык кеңешинин" ишине катышуу үчүн Лукашенкого чакыруу берилгенин дагы бир жолу ырастаган.
Коулдун буга чейинки Беларус сапарлары да саясий туткундарды бошотуу менен коштолгон. Адатта алар Литванын аймагына өткөрүлүп келген. Өз кезегинде АКШ Беларуска каршы айрым санкцияларды жумшарткан. Маселен, өткөн жылдын сентябрында жана декабрында Мария Колесникова, Виктор Бабарико баштаган саясий туткундар бошотулгандан кийин Вашингтон "Белавиа" жана "Беларуськалий" компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарган.
Шерине