Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

"Фермерлер даттанды". Мал ылаңы маселеге айланбайбы?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште малдын ылаңына байланышкан маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев комитет жыйынында өкмөттү бул боюнча маалымат берүүгө чакырып, үй-бүлөсүнө "базардан уйдун этин алууга тыюу салганын" айтты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мындан кийин өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирди.

Шарп ылаңына байланыштуу маселе 9-мартта парламентте көтөрүлдү. Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине келген өкмөт мүчөлөрүнө депутат Дастан Бекешев мындай суроо узатты:

“Нарын, Баткен облустарынан, башка аймактардан мага кайрылып жатышат. Эгер бир-экөө болсо унчукпайт элем. Бирок силер бизде мындай көйгөй жок деп жатасыздар. Анда эмне үчүн фермерлердин баары бодо мал ооруп жатат деп даттанууда? Же маалыматты жашырып, дүрбөлөң кылгыңар келбей жатабы? Бирок эл малдын саламаттыгы кандай экенин билүүгө тийиш да. Алар ылаңдаган малдын этин базардан сатып албашы керек. Бул көйгөй эмеспи. Мен үйдөгүлөргө уйдун этин сатып алууга тыюу салдым”, - деди депутат.

Жыйында депутат Исманали Жороев дагы аймактарда, анын ичинде Чүй облусунда шарп жуккан малдын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Бирок Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу экенин айтууда.

Аталган министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев “базарда шарп болгон малдын эти сатылат” деген маалыматты четке какты.

“Бизде эч качан, кайсы ылаң жукпасын аны сойдуртуп базарга саттырбайбыз. Касапканаларда, базарларда да ветеринарлар иштейт. Алар текшерүү жүргүзөт. Таза мал союлуп, эти сатыкка чыгат. Эгер адамдар эт алгандан чочуласа, сатуучудан ветеринардык-коштомо документтерди сурашы керек. Керектөөчү катары маалымкатты сураганга акысы бар. Эл арасында да "ылаңдаган малды колбаса жасоочу цехтерге өткөрөт" деп айтышат экен. Чынында андай эмес. Ал жерде дагы ооруган малды алышпайт. Шыйрагын же бир жерин кокустатып алган малды алышат. Ылаңдаган малды ветеринардык кызмат көзөмөлдөйт. Азыр шарп боюнча абал туруктуу”.

Анткен менен Вотсап тайпаларда айрым мал ээлеринин “уюнун желини эзилип кеткенин же оозу көчүп түшкөнүн” айтып, элден кеп-кеңеш сураган видеолорун кездештирүүгө болот.

Алардын бири Жаңыл торпоктору бир ай мурда ылаңдап, шайы оогонун айтып берди:

“Уйларга жылына эле вакцина алабыз да. Алар эч нерсе болгон жок. Музоолорду эмдеткенге жетишпей калган элек. Ошолор шарп болду окшойт. Малга кошпой өзүнчө бактык. Антибиотик сайып, оозуна дары чачтык. Кээ бир кишилердин вакцина алган уйлары да ылаңдады көрүнөт. Жакында эмдөө башталат дешти. Ошондо баарына вакцина сайдырабыз го”.

Буга чейин социалдык тармактарда ылаңдын айынан айрым компаниялардын сүт азыктары соода борборлорунда сатылбай калганын жазышкан.

Ветеринардык кызматтын зооэпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов бир жума мурда бул боюнча “Азаттыкка” мындай маалымат берген.

“Бардык аймактарга вакцина жеткирилген. Адистерге эскертилген. Ылаңга каршы чара көрүлүп жатат. Сүт багытында иштеген фермалар уйларын эмдетишүүдө. Вакцина сайылгандан кийин 21 күнгө чейин сааганга болбойт. Малда ылаң жок болгон күндө дагы вакцина сайгандан кийин сүтүн саап, өткөргөнгө болбойт. Биздин эл болбой эле саап, тапшырып жиберип сүттү текшергенде антибиотик чыгып калган учурлар болгон да. Бизде малы башка менен ылаңдаса деле “шарп” деп дүрбөлөң түшө бергендер бар. Бирок ага негиз жок. Республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу”.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын маалыматында, Кыргызстанда быйыл төрт түлүктү эмдөөгө 300 млн сом бөлүнгөн.

Шарп жукканда мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус кишиге чийки сүттөн жана андан даярдалган сүт азыктарынынан жугат.

Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде шарптын ар кандай түрлөрү болорун айткан.

“Шарп (ящур) - ача туяктуу малдын тез жайылуучу ылаңы. Бир жерден чыкса, бат эле башка аймактарга тарап кетиши мүмкүн. Анын бир канча тиби жана варианттары бар. Бир тип менен ооруган мал, кайра эле башка типтеги шарпты жугузуп алышы мүмкүн. Ар бир типтин өзүнүн вакцинасы болот. Ылаңдаган уйдун терисинде шарптын вирусу төрт жумага чейин, чөптө, сууда андан көбүрөөк убакытка чейин сакталат. Кээде вакцинага малдын иммунитети көнүп, тоготпой калат. Ошон үчүн аны эмдөө алдында ылаңдын тибин аныктап, ошого жараша эмделет”, - деген ал.

Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы коңшу өлкөлөрдүн шарп чыккан аймактарынан мал алып өтүүгө чектөө киргизилгенин билдирди.

Маалыматтарга таянсак, былтыркы жылдын соңунда Азербайжанда шарптын жаңы түрү катталган. Өлкөнүн ветеринардык кызматы Түркия жана Иракта шарптын агрессивдүү SAT-1 түрү тарап, андан Азербайжанга өткөнүн айтышкан.

Ушу тапта Орусиянын айрым аймактарынан бодо мал боо түшүп кырылып, тарпты өрттөп жаткан видеолор жайылууда. Маалымат каражаттары облус бийликтерине таянып, пастереллез күч алган жерлерде карантин жарыяланганын кабарлашты.

Кырдаалга байланыштуу коңшу Казакстан 2026-жылдын январынан тарта Орусия Федерациясынын бир катар аймактарынан тирүү малды жана этти алып өтүүгө тыюу салган. Коңшу өлкөнүн айрым ветеринарлары орус өкмөтү шарп чыкканын жашырып, аны пастереллез катары көргөзүп жатканын сынга алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG