Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Бодо малды шарп, күйдүргү жана бруцеллезго каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы билдирди.

Быйыл малды эмдөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 135 млн сом бөлүнгөн.

Учурда 3–6 айлык ургаачы торпокторго бруцеллезге каршы вакцина сайылып, бодо малдан кан алынууда. Ит-мышыктар кутурмага каршы эмделип, эхинококкозго каршы дегельминтизация иштери башталды.

Эмдөө иш-чараларынын алкагында кой-эчкилерге оспа жана бруцеллезге, бодо малга шарп, күйдүргү жана карасан ылаңдарына каршы вакцина сайылат.

Кыргызстанда соңку айларда ылаң күч алды. Эл арасында мал шарпка чалдыкканын айтып, күмөн санагандар арбын. Бул маселе бир канча жолу парламентте да көтөрүлдү. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы өлкөдө шарп катталбаганын, эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирип келет. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG