Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти 773 айылда таза суу менен камсыздоо иштери башталарын билдирди.
Аталган мекеме 120 айылда курулуш монтаждоо жумуштары жүрүп, 229 айыл боюнча долбоор-сметалык документация даярдалып, 27 айыл боюнча курулуш иштерине тендер өткөрүлүп жатканын билдирди. 219 айылда долбоордун сметалык документтери топтолуп жатат, анын ичинен 95 айылдын иш кагаздары толук. 177 айылда техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандагы 960 айылга таза суу жеткирүү үчүн 1 млрд доллар керек экенин билдирген. Өкмөт суу куурларын орнотуу, жаңыртуу жана эсептегичтерди коюу үчүн бир катар эл аралык банктардан насыя жана грант алып келет.
Март айынын башында “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө” мыйзам коомдук талкууга коюлган.
Депутат Табылды Муратбеков сунуштаган мыйзам долбоорунда сууну жеткирүү акысын көтөрүү каралган. Жаңы мыйзам ишке кирсе суунун куб метринин баасы 14,38 сомго көтөрүлүп, 36,99 сомго чыгышы мүмкүн экени айтылган.
Депутат коомчулуктун сынынан кийин мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алган. Ал муну мыйзамдан баш тартуу эмес, кайра сапаттуу кылып иштеп чыгуу деп түшүндүргөн.
Адистер өлкөнүн көп аймактарында түтүктөрдүн жана каналдардын эскиргенин, жаңы орнотулган системалардын чыгымын актоо жана сууну үнөмдөө, бул жаатта иштеген адистерди кармап калуу үчүн суунун акысын көтөрүү керектигин айтып келишет.
Кыргызстанда таза суу мыйзамы 1999-жылы кабыл алынган. Сууга тариф ар бир жердин рельефине, аба ырайына, орнотулган системалардын чыгымына, калктын санына жараша эсептелет. (ST)
Шерине