Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Инфляция: Өкмөттүн аракети кандай майнап берет?

Кыргызстандагы инфляциянын динамикасы.
Кыргызстандагы инфляциянын динамикасы.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан баштап Инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт” деп жарыялады. Ал ошондой эле “2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң” деди.

Жакында эле Улуттук банк экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган эле. Муну менен катар эле өлкөдө кескин кымбаттоо толкуну жүрүүдө. Баа кызмат көрсөтүүлөрдөн тартып, азык-түлүккө чейин өсүп жатат. Өкмөт кабыл алган кандай программа жана ал инфляцияны кантип токтотот?

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов инфляцияга каршы программа келерки жылы базар бааларын турукташтыра турганын билдирди.

“Кудай буюрса, 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң”.

“Ынтымак Ордо” айтып жаткан инфляцияга каршы күрөшүү программасы азырынча ачык жарыялана элек. Өкмөт бааларды кантип ооздуктай турганы жана иш-чараларынын так планы азырынча белгисиз. Бирок, ал тууралуу буга чейин да айтылып, бааларды туруктуу кармоого бюджеттен ири көлөмдөгү каражат бөлүнөрү маалымдалып келген.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу октябрдын башында “Азаттыкка” курган маегинде “Инфляцияга каршы турукташтыруу планы” бекитилгенин билдирген.

“2027-жылга буга абдан көп каражаттар каралып, бюджетке кирип жатат. Мына, эки жума мурун эле Минкабдын атайын буйругу менен “Инфляцияга каршы турукташтыруу планы” бекитилди. Ошол жерде Айыл чарба министрлигине айыл чарба бааларын турукташтыруу үчүн 2027-жылга 38 млрд сом каралып жатат. Салыштыруу иретинде айта кетсем, 2026-жылы айыл чарбаны колдоо программаларына 13 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми 2027-жылга 38 млрд сом, дээрлик үч эсе көп каражат бөлүнүп жатат”.

Марсбек уулунун сөзүнө караганда, быйылкы жылга эттин баасын турукташтыруу үчүн бюджеттен 1 млрд 132 млн сом берилген. Анын бир бөлүгү мал кармаган жеке жактарга жеңилдетилген шартта берилип жатат. Аны менен катар министрликтин өзүнө да каражат каралып, ага малды сатып алып бордоп семиртүүгө киргизип, эт саткан социалдык түйүндөрдү ачып жатышат.

"Айыл чарба азыктарынын баасын турукташтырууга 38 млрд сом бөлүнөт"

Ал эми келерки жылга каралган 38 млрд сомго тоют даярдаган заводдор курулат жана 20-50 миңдеп мал бордогон ири чарбаларды түзүүгө басым жасалат. Илич Марсбек уулу ал каражатка негизделген айыл чарба азыктарынын баасын турукташтыруу планы бар экенин билдирди.

“Министрлер кабинети быйыл биринчи жолу күйүүчү майдын баасын субсидия кылып жатпайбы. Ушундай механизмди биз 2027-жылга сунуштадык. Бааларды турукташтыруу планында дагы Минкаб ушул механизмди кабыл алып, колдоп берди. Эттин баасы негизинен тоюттан көз каранды эмеспи. Ал жерде жер семирткичтерди, үрөндөрдү субсидиялоо каралган. Ал эми эт болсо малга берилген тоюттан келип туруп, анан өздүк наркы чыгат эмеспи. Биз качан тоютту арзандатканда гана эттин баасы турукташат. Ошондуктан, негизинен тоюттук базаны күчөткөнгө каралган. Субсидиялар жер семирткичтерге, үрөндөргө каралган. Ошондой эле оруп-жыюу техникаларына субсидиялар каралып жатат. Ошону менен биз тоюттун, өсүмдүк продукцияларынын өздүк наркын ылдыйлатып, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, анан тоют базасын күчөттөбүз деген план бар”.

Импорттон көз каранды мамлекет катары Кыргызстанда инфляцияга адатта тышкы жагдайлар көп таасир кылат.

Маселен, дүйнө жүзүндөгү согуштардан улам мунай каатчылыгы бааларга таасир кылган негизги себеп болууда. Кыргызстанда жыл башынан бери бензин 25,8%, дизель отуну 24,1% кымбаттады. Бул, өз кезегинде, бардык тармактарда баанын өсүшүнө түрткү берүүдө.

"Инфляциянын динамикасы дагы жогорулашы күтүлөт"

Улуттук банк мурдараак Кыргызстандагы инфляция августка карата 12% болгонун, жыл соңуна чейин 15% жетиши мүмкүн деген божомолун жарыялаган.

Инфляциянын соңку он жылдагы рекорддук секириги 2023-жылдын февраль айында катталып, 15,9% чейин өскөн. Андан бери 3,6% чейин төмөндөп барып, быйылкы жылдын башынан тартып кайра жогорулай баштаган.

Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы 14-сентябрда берген маалымат жыйынында инфляциянын өсүшү дагы деле өр тартып баратканын айткан.

“Биздин баа берүүлөрүбүзгө ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын динамикасынын 15% чейин жогорулашын күтүүдөбүз. Азыркы учурда жылдык маанидеги инфляция 12% калыптанды. Негизги факторлордон болуп Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, ошонун кесепетинен келип чыккан басым болуп эсептелинет. Ал эми орто мөөнөт мезгил ичинде биздин көргөн акча-кредит жаатындагы чаралар инфляцияны 5-7% деңгээлиндеги максаттуу көрсөткүчкө алып келет деген ишенимдебиз”.

Мекеменин 2026-жылдын биринчи жарымындагы отчетунда кызмат көрсөтүү тармагындагы баалардын жогорку темпте өсүшү жалпы инфляцияга эң чоң салымын кошкону жазылган. Кафе-ресторандардагы 10-15% тейлөө акысын жоюу, тармакты фискалдаштыруу, азык-түлүк, отун-энергетика тармактарындагы жагдайлар баанын өсүшүнө кыйыр таасир кылган.

Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы фискалдык реформалар кызмат көрсөтүү тармагындагы баанын өсүшүнө түрткү бергенин билдирген.

“Кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына салыктык башкаруунун санарипке өткөнү таасир этти. Анын натыйжасында ресторандарда жана мейманканаларда баалар өскөн. Бул инфляцияга таасир этүүчү бир фактор болуп эсептелинет”.

Муну менен катар электр энергиясы жана коммуналдык кызматтардын тарифтеринин, бюджеттик чыгашалардын, эмгек акынын көбөйүшү, калктын керектөөсүнүн өсүшү жана инвестициялык жигердүүлүктүн жогорулашы инфляциянын өсүшүнө таасирин тийгизген. Ошондой эле баага бизнес чыгымдарынын, анын ичинде энергия ресурстарына, ташууга жана эмгекке төлөөгө байланыштуу чыгымдардын өсүшү да кошумча болгон.

Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары коммуналдык тарифтердин өсүшү баанын кымбатташына олуттуу таасир кылганын белгилеген. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, былтыртан бери электр энергиясы 21,8%, суунун тарифи 15,4% өстү, газдын кымбатташы 8% ашты.

Соңку жылдары Кыргызстанда бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлык-маянасы бир кыйла өсүп, аны жеке сектор да коштоп келет. Калктын сатып алуу жөндөмүнүн өсүшүнө керектөө насыяларынын жеткиликтүүлүгүнүн кеңейиши да кошумча түрткү берген.

Статистикага көз чаптырсак, быйылкы жылдын январь-июнь айларында реалдуу эмгек акы 15,3%, ал эми улуттук валютада берилген керектөө насыялары 16,5% өскөн.

Эл аралык финансы институттары Кыргызстанда айлык акы бир нече жыл өзгөрбөй келип, анан кескин көтөрүлүп кетерин, мындай ыкма өлкөдөгү инфляцияга олуттуу тобокелдик жаратарын айтып келет. Эл аралык валюта фонду мамлекеттик башкаруудагы маянаны административдик персоналды кыскартуу аркылуу жана аз-аздап, бирок ырааттуу көтөрүүнү сунуштаган.

Банк тармагындагы эксперт Бактыбек Шамкеев өкмөттүн көрүп жаткан чараларынын майнабы сырткы таасирлерден да көз каранды экенин белгилейт.

“Силер дүйнө жүзүндө абал кандай болуп атканын көрүп атасыңар да. Аябай эле кыйын болуп атат. Согуш кесепетинен, анан азыркы убакта Европадагы кырдаал аябай начарлады. Кийин кандай болорун айта албайбыз. Ким билет, дагы кайсы жактан ушундай факторлор чыгып калса биз таасир кылып... Бирок, колдон келишинче Улуттук банк өкмөт менен чогуу ушул абалды колго алыш үчүн ушул программаны түзүп атат. Буйруса, ушул программаны аткарганга акча-каражат жетиштүү болсо, биз инфляцияны токтотушубуз мүмкүн. Эгерде каражат жетпесе, же сырттан келген факторлор, күйүүчү майлар эч нерсеге карабай дагы өссө, анда биздин өкмөттүн каражаты жетиштүү болобу-болбойбу, аны мен айта албайм”.

Шамкеев инфляцияны ооздуктоодо Улуттук банктын ролу негизги орунда турушу керек деп эсептейт. Ал үчүн тапкан кирешесин көз карандысыз акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык интервенциялар аркылуу акча рыногун туруктуу кармаганга мүмкүнчүлүгү болушу керектигин айтат.

2022-жылга чейин Улуттук банк тапкан таза пайдасынын 90%ын мамлекеттик бюджетке которуп берип, калганын өзүнүн акча-насыялык саясатын жүргүзүүгө жумшачу. 2023-жылдан тартып жаңы мыйзам кабыл алынып, ага ылайык мекеменин кирешеси толугу менен бюджетке берилбей болгон. 2023-2025-жылдары Улуттук банк бюджетке 119 млн доллар кирешесин берген.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG