Ал арада “Манас”, “Жалал-Абад”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аба майдандары реконструкцияланып жатат. Аба майдандарына салынып жаткан инвестициялардын суммасында Евразия өнүктүрүү банкы менен “Кыргызстан аэропортторунун” маалыматтарынын ортосунда чоң айырма бар – биринчиси 770 млн доллар жумшалат десе, экинчиси 190 млн долларды болжойт.
Кыргыз өкмөтү соңку жылдары жарандык авиацияны өнүктүрүүгө жана тармактык инфраструктураны жаңылоо ишин бир кыйла активдештирген. Анын үч багытын – авиапаркты жаңылоо, заманбап аба майдандарын түзүү жана атамекендик авиация тармагын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү иштерин карайлы.
Өлкөнүн авиапаркын жаңылоо
Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов жакында “Биринчи радиого” берген маегинде тармактын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландарын кеп кылды.
“Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул Boeing’ден лайнерлерди сатып алуу боюнча кайсы бир деталдарын талкуулаган алдын ала жолугушуу болчу. Сиз билсеңиз керек, ага чейин да Airbus’тын президенти учуп келип, эки аба кемеси боюнча документке кол койгонбуз. Он Airbus учагын сатып алуу боюнча ошондо да сүйлөшүүлөр жүргөн, азыр да жүрүп жатат. Албетте, азыр мен келишимдер качан түзүлөрүн так айта албайм. Бирок, иш жүрүп жатканын айткым келет. Анткени, эки учагы бар авиакомпания, жумшак айтканда, рентабелдүү авиакомпания эмес”.
Октябрда жарыяланган маалыматка ылайык, Asman Airlines мамлекеттик компаниясынын авиапаркын кеңейтүү үчүн бюджеттен 5 млрд 836 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ага эки Airbus 320 учагы сатып алынат, алар 2027-жылдын соңуна чейин Кыргызстанга келип, каттоого турат. Жарандык авиация агенттигинин маалыматына карасак, Бишкектен Германияга, Польшага жана Европанын башка шаарларына учуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
Жарандык авиация агенттиги өлкөнүн авиация тармагын жаңыртууга, учуулардын коопсуздугун жакшыртууга жана заманбап транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасап жатканын билдирип келет. Мекеме жетекчиси Данияр Бостонов Кыргызстан заманбап техника менен санарип көзөмөлгө басым жасап жатканын айткан. Советтик учактардын эскилиги жетип, аларга заводдук тетиктер калбай калганын, сертификаттары эскиргенин жана көзөмөлдөө үчүн ошого жараша билимге ээ инспекторлор да аз калып баратканын белгилеген.
“Ошондуктан, биздин өлкөнүн жарандык авиация тармагында советтик техника калган эмес, советтик типтеги тик учак да, аба кемеси да жок. Бул биздин “кара тизмеден” чыгуубуздун себептеринин бири болду десем да болот. Анткени, биз европалык, америкалык техникаларга адистерибиз бар экенин далилдедик. Советтик техникага болсо, тилекке каршы, адистерибиз да, заводдорго так мониторингдик маалыматтарыбыз да жок. Азыр бардык жерде заманбап аба кемелеринде мониторинг бар, биз дайым борттук жазуулардан (самописцы) маалыматтарды онлайн алып турабыз. Биз аны кайсы бир жерден онлайн көрүп турабыз же ала алабыз жана чынында эле ал тетик бүт стандарттарга ылайык алмаштырылганын текшере алабыз. Бирок, тилекке каршы, азыр советтик техникаларда мындай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, бизге ал техникалардан баш тартууга туура келди”.
Эл аралык жана аймактык аба майдандарын модернизациялоо
Кыргызстандын аймагында 11 аба майданы иштейт. Алардын алтоо эл аралык, бешөө жергиликтүү деңгээлдеги аба майдандары. Баары тең “Кыргызстан аэропорттору” акционердик коомуна карайт.
Бишкектеги “Манас” эл аралык аба майданы баштан-аяк реконструкцияланууда, Ош жана Ысык-Көл аба майданында жаңы аэробекеттик комплекстер курулууда, Жалал-Абаддагы аба майданынын курулушу жүрүп жатат.
“Манас” аэропорту Кыргызстандын негизги эл аралык аба дарбазасы катары жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда, чет өлкөлүк туристтерди кабыл алууда жана эл аралык транспорттук байланыштарды камсыздоодо мааниси чоң. 2025-жылдан бери аба майданынын аэробекет комплекси кеңейтилип, аэродромдун элементтери жаңыланган жана жарык берүү системалары модернизацияланган.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКнын аймактык жана инфраструктуралык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов "Манас" аба майданы кандай жаңыланганын айтып берди.
“Манас” эл аралык аба майданында былтыр май айында жумуштар башталган. Ошондон бери бир жарым жылдын ичинде толук кандуу салып, жөн эле авэробекетибизди чоңойтуп же болбосо ичин реконструкция кылып койбостон, астына 22 миң чарчы метрден көбүрөөк жаңы аянтты кошо алдык. Андан башка анын алдына 24 миң чарчы метрден ашыгыраак болгон 650 машина бата турган көп кабаттуу парковканы да салдык. Биз жөн эле оңдоп-түзөп койбостон, комплекстүү мамиле кылдык дагы, бүт шарттары өзгөртүлдү, бардык шарттары жакшыртылды. Ошол эле парковка, галерея, учуп-конуу тилкесин капиталдык ремонттон өткөрдүк, анын жарыктандыруучу жабдууларынын (свето-сигнальные огни) баарын жаңырттык. Андан башка, “Манас-2ни” дагы жаңыртып жасап чыктык”.
Муну менен катар, берилген маалыматка карасак, “Жалал-Абад” эл аралык аба майданын “Манас” шаарынын сыртына чыгарып, жаңыдан куруп жатышат. “Ысык-Көл” аба майданынын аэробекетин кеңейтүү иштери да жүрүүдө.
Евразия өнүктүрүү банкы жакында жарыялаган баяндамасында 2035-жылга чейин Кыргызстандын аэропортторун реконструкциялоого 770 млн доллар жумшаларын жазган.
Арийне, “Кыргызстан аэропорттору” мындай маалыматты төгүндөп жатат. “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын аймактык жана инфраструктуралык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов инвестициянын көлөмү иш жүзүндө бир кыйла аз экенин билдирди.
“Булар кайсы жерден маалымат алганын же болбосо кимден бул маалыматтарды алганын биз так биле албайбыз. Анткени, ал банк бизге расмий кайрылып, маалымат сураган эмес. Негизи, алар чыгарган маалымат бүгүнкү күндө туура эмес. Биздин короткон каражаттарыбыз ага салыштырмалуу көп эсе аз болуп эсептелет. Негизи, 130 млн деп сиз айтып атасыз, бул 130 млн долларга чейин. Бирок, бүгүнкү күндө толук эсептелип жатат. Биз ойлойбуз, бул 130 млн долларга жетип-жетпей барышы керек”.
Өкмөттүн октябрдагы маалыматына ылайык, Каракол, Нарын, Кербен, Казарман жана Талас аба майдандары жаңыланып, кайра пайдаланууга берилген.
Ушуга жараша, өкмөттүн саясий чечимдери менен аймактарга аба каттамдары ачылып, өзүн актабагандыгына карабай, эл ташып келет. Бул өлкө бюджетине же авиакомпаниялардын капчыгына бир кыйла оорчулук келтирет.
Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов да “Биринчи радиого” курган маегинде мына ушуну айтып жатат.
“Совет мезгилинде рыноктук эмес экономика болгон. Бир чоң өлкө болуп, эч ким каттамдын рентабелдүүлүгүнө караган эмес. Социализм болгондуктан, элге жеткиликтүү кылууну гана карашкан. Чындыгында каттамдар абдан көп болчу. Бирок, биз азыр канткенде да рыноктук экономикага өткөнбүз. Азыр өлкө ичинде жүрүп жаткан каттамдарды карасак – алардын баары дотациялык болуп эсептелет. Маселен, азыр Кызыл-Кыяга каттам аччу болсок, ал дагы сөзсүз дотациялык каттам болот. Анткени, башында өнүктүрүү, каттамдарды ачуу өтө татаал жана мамлекеттин капчыгына өтө кымбатка турат”.
Ал эми “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы аймактык аба майдандары ийгиликтүү иштеп жатканын ишенимдүү белгилеп келет. Аймактык аба майдандарына мурун жумасына бирден каттам ачылган болсо, соңку кездери экиден-үчтөн каттам ачуу талап кылына баштаганын билдирүүдө. Аларды тейлөөгө кетип жаткан чыгымдарды “Кыргызстан аэропорттору” өз жаап келет.
Ошол эле маалда, аймактык аэропорттордун ишин жандандыруу туризмдин өнүгүшүнө, ишкер сапарларды жеңилдетүүгө жана жүк жеткирүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы.
Жарандык авиацияны эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү
Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстандын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгышы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешкен. Кыргыз авиакомпаниялары андан 2026-жылдын июнь айында чыкты. Мындай өзгөрүү эл аралык рынокко чыгуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрү күтүлүп жатат. арийне, Европага каттам ачуу үчүн жөн гана аба майдандарынын жаңыланышы же чектөөлөрдүн алынышы жетишсиз экени айгине. Авиакомпаниялар учактардын техникалык абалына, коопсуздук талаптарына, экипаждар менен техникалык адистерди даярдоо, операциялык чыгымдарга жана каттамдын негиздүүлүгүнө жоопторду табышы кажет.
Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов алдыда Улуу Британия менен АКШнын аудиттерин өткөрүп, алардын талаптарына ылайык келтирүү иштери турганын айтууда. Ал иштер 2027-жылы башталып, 2-3 жылга создугушу мүмкүн.
“Азыр биз бардык аудитке даярбыз. Эки жарым жылда канчалаган аудиттен өттүк. Жарандык авиация уюмунун да, Евробиримдиктин да бизге койгон бардык дооматтарын жоё алдык. Албетте, Улуу Британиядан да суроолор болот. Биз аларга да жооп бергенге даярбыз. Кандай аудит болбосун, алгач анын талаптарын билүү жана ошого жараша шайкеш келтирүү керек. Буга саясий эрк менен өлкө жетекчилигинин колдоосу гана керек. Алты айда “Аба кодексин” кабыл алдык, буга Евробиримдик да таң калып атат. Бул бүт мамлекеттик органдар бир организмдей болуп эриш-аркак иштегенинин таасын көрсөткүчү”.
Кыргызстанда авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү транспорттук системаны жаңылоого, аймактардын байланышын жакшыртууга, туризмди колдоого жана эл аралык соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Бирок, анүчүн аба майдандарын куруу жана реконструкциялоо жетишсиз. Аларды туруктуу каттамдар менен камсыздоо, билеттин баасын жеткиликтүү кармоо, жүк ташууну өнүктүрүү, эл аралык коопсуздук талаптарын аткаруу жана инвестициялардын натыйжалуулугун ачык көрсөтүү зарыл.
Авиациялык инфраструктуранын экономикага кошчу салымы
Авиациянын өлкө экономикасына кошор негизги салымы – эл аралык байланыштарды күчөтүү болуп эсептелет. Аба каттамдары туристтердин келишин жеңилдетип, ишкер сапарларды тездетет жана экспорттук жүк ташууга шарт түзөт.
Транспорт министринин мурунку орун басары Максатбек Дыйканов авиациялык инфраструктура туризм, соода, логистика жана ишкердик үчүн шарт түзгөн инструмент экенин айтат.
“Мына, Өзбекстан, Алматы аркылуу учкандар көп болуп атат. Мындан жыйынтык чыгарса болот. Анализ кылыш керек. Эмне үчүн бизден эмес, ал жактан учуп атат? Ошон үчүн биз өзүбүздүн инфраструктураны мындан ары да күчөтүшүбүз керек. Бюджетте азыр акча жетиштүү, триллионго жетти деп атпайбызбы. Ушундай мезгилде биз учактарды алышыбыз керек. Кошуна Алмата, Ташкентке барып убакыт кетирип, учуп кыйналбай, түз учса, ошол акчалар Кыргызстандын экономикасына калмак дагы, биздин өнүгүүбүзгө жакшы өбөлгө түзүлмөк. Анан, туризмге да жакшы шарт түзүлөт. Өзүңөр билесиңер, туризм тармагы жарандык авиациясыз ишке ашпай турган нерсе. Биздин авиация тармагы канчалык жакшы болуп, баалар жеткиликтүү, элдин чөнтөгүнө ылайыктуу болсо, бизге туристтер көп келет. Канчалык туристтер көп келсе, алар өздөрүнүн акчаларын таштап, Кыргызстандын экономикасына салым кошот деген ойдомун”.
Жүк ташууда авиация тез жеткирүүнү талап кылган товарлар, электрондук соодадагы айрым жөнөтүүлөр жана дары-дармек үчүн мааниси зор транспорт болуп эсептелет.
Бирок, Кыргызстанда авиациялык жүк ташууну өнүктүрүү үчүн аба майдандарынын жанында заманбап жүк терминалдары бажы жол-жоболорунун натыйжалуулугу, муздаткыч кампалар, логистикалык компаниялар жана эл аралык жүк каттамдары керек. Аларды Кыргызстан эми түптөп жатат.
Кыргызстанда аба транспорту менен жүк ташуу соңку беш жылда кескин өстү. 2021-жылдын сегиз айында бул тармакта 200 тонна жүк ташылган болсо, 2026-жылы 35200 тоннага жетти. Деген менен, Евразия экономикалык комиссиянын статистикасына таянсак, учак менен жүк ташуу жакшы жолго коюлган эмес. Учак менен жылына ташылган 30-40 миң тонна жүк автоунаа менен ташылган жүктүн 0,1%ын, же темир жол менен ташылган жүктүн 0,5%ын гана түзөт.
Шерине