Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Кыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатканын айтты. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жакында Бишкекте Airbus концернинин өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, кызматташтыктын шарттары талкууланды.
Бостонов ошондой эле жакында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстандын Самарканд шаарына болгон сапарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлү Boeing корпорациясынын жетекчилери менен да Кыргызстанга учак сатып алуу тууралуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.
Буга чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы, бул жаатта АКШнын Экспорттук-импорттук банкынан (EXIM Bank) каражат тартуу, техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө да сөз болгону айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 2026-жылы 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып аларын билдирген.
Asman Airlines (“Асман аба жолдору”) мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. (BTo)
Шерине