Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунда 10 миңден ашык жумушчу иштеп жатат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунунун алкагында курулуп жаткан туннелдин бири.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунунун алкагында курулуп жаткан туннелдин бири.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу долбоорун ишке ашыруу үчүн 10 миңден ашык жумушчу, 6500 миңден ашуун атайын техника иштеп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 525 чакырымды түзсө, 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт. Долбоордун алкагында 20 темир жол бекети, 50 көпүрө, 29 туннел болот. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

“Кыргыз темир жолу” ушул тапта жаңы курула турган 29 туннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатканын, бир туннел толугу менен казылып бүткөнүн билдирди. Ошондой эле 50 көпүрөнүн 47синде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

2024-жылдын 27-декабрында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган.

Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

2024-жылы 6-июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.

Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү курулуштун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылары айтылган. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG