Тажикстандын жарандары чет өлкөгө иштегени 18 жаштан тарта гана чыга алышат. Бул талап биринчи жолу "Миграция жөнүндө" жаңы мыйзамда бекитилип, 23-октябрда парламенттин "Садои мардум" гезитине жарыяланды.
Мыйзамдын 16-беренесине ылайык, Тажикстандын жарандарына чет өлкөгө иштегени 18 жаштан тарта, мигранттардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары коргоолгон өлкөлөргө гана чыгууга уруксат берилет. Мындай коргоонун негиздерине эл аралык макулдашуулар жана эмгек миграциясы боюнча эки тараптуу келишимдер кирет.
Жаш куракка коюлган мындай чектөө Тажикстанга иштегени келген чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү.
Президент Эмомали Рахмон жаңы мыйзамга 21-октябрда кол койгон.
1999-жылдан бери колдонулуп келген "Миграция жөнүндө" мурунку мыйзамда эмгек мигранттарынын минималдуу жаш курагы өзүнчө белгиленген эмес.
Жаңы мыйзамда жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруунун эки жолу каралган: жумушту өз алдынча издөө жана ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу жумушка орношуу.
Өз алдынча иш издеген жарандарга мамлекеттик миграция органдары чет өлкөдөгү бош жумуш орундары, эмгек акы, иш шарттары жана кабыл алган өлкөнүн мыйзамдарынын талаптары тууралуу маалыматты акысыз берүүгө милдеттүү.
Эмгек миграциясы Тажикстандын экономикасында маанилүү орунду ээлейт. Орусия - тажикстандыктар иштегени барган негизги өлкө. Расмий маалыматтар боюнча, 2025-жылы чет өлкөгө иштегени 702 миңден ашуун тажикстандык кеткен. Быйыл май айында Орусиянын Тажикстандагы элчиси Семен Григорьев ТАСС агенттигине Орусияда 1 млн ашуун тажик жараны иштеп жатканын билдирген. Былтыр октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Дүйшөмбүгө сапарында мекенинде миллиондон ашуун тажикстандыктар жашап, иштеп жатышканын айткан.
Дүйнөлүк банктын баалоосуна ылайык, 2024-жылы мигранттардан которулган акча Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн болжолдуу 45 пайызын түзгөн. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Мигранттар которгон каражаттар көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы жана өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү фактор болуп саналат.
Тажикстанда 18 жаштан жогорку курактагылар гана миграцияга бара алат
Дагы караңыз
Шерине