Футбол боюнча Англия курама командасынын жана германиялык “Бавария” клубунун чабуулчусу Харри Кейн 2025-2026 сезонунун жыйынтыгында “Алтын топту” жеңип алды. Франциянын France Football журналынын сыйлыктарын тапшыруу аземи 27-октябрга караган түнү Лондондо өттү.
33 жаштагы Харри Кейнге “Алтын топту” бул сыйлык эки ирет алган жана Бразилиянын курамында эки жолу дүйнө чемпиону болгон Роналдо тапшырды. Харри Кейн спорттук карьерасында “Алтын топту” биринчи ирет алды.
Англиялык футболчу өткөн сезондо “Бавария” менен Германиянын чемпиондугун, Германиянын кубогун жана суперкубогун жеңип алган. Улуттук курама командасы менен Дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынган. Жалпы 65 оюнда 73 гол киргизип, сегиз голдук пас берген.
“Алтын топ” үчүн жарышта экинчи орунду Франция курамасы менен испаниялык “Реал мадрид” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе, үчүнчү орунду Испаниянын жана “Барселона” клубунун жарым коргоочусу Ламин Ямаль алды. Ал “эң мыкты жаш оюнчу” сыйылыгын үчүнчү жолу жеңди.
“Алтын топ” сыйлыгы 1956-жылы негизделген. Дүйнөнүн эң мыкты футболчусун 180 футбол эксперти тандашат. (BTo)
Шерине