Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
26-октябрда жарыяланган жарлыкка ылайык, биринчи кезекте сакталууга жана мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизадан өтүүгө тийиш болгон архитектуралык мурас объекттеринин тизмеси бекитилди.
Документте бул объекттерди реставрациялоо, консервациялоо, калыбына келтирүү, оңдоо жана жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу иштери тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусу менен жүргүзүлөрү белгиленген. Мында объектилердин тарыхый баалуулугун аныктаган архитектуралык көрүнүшү, фасаддары, материалдары, конструкциялары, жасалгалары, тарыхый функциясы жана айлана-чөйрө менен байланышы сакталууга тийиш.
Объекттердин авариялык абалда болушу же жер титирөөгө туруктуулук талаптарына жооп бербеши - аларды тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга, мамлекеттик тизмеден чыгарууга, бузууга же башка жерге көчүрүүгө негиз боло албайт. Мындай учурларда аварияга каршы жана консервациялоо иштери жүргүзүлөт.
Жарлык менен тизмеге кирген объектилерди менчиктештирүүгө, ээликтен ажыратууга, күрөөгө коюуга, алмаштырууга, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө жана кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле алардын коргоо макамын өзгөртүүгө, бузууга, көчүрүүгө, тарыхый көрүнүшүн же функциясын өзгөрткөн иштерге уруксат берүүгө жол берилбейт. Бул объекттердин аймактарында жана коргоо зоналарында мурасты сактоо иштеринен тышкары жер тилкелерин берүүгө жана курулушка уруксат берүүгө да чектөө киргизилет.
Министрлер кабинети объекттердин укуктук статусун, менчик ээсин, техникалык абалын, коргоо милдеттенмелерин жана коргоо зоналарын аныктоо үчүн инвентаризация жүргүзүшү керек. Мамлекеттик тизмеге кирбеген, бирок жарлыкта көрсөтүлгөн объекттерге тарыхый-маданий экспертиза уюштурулуп, тиешелүү ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилет. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттери мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программаларынан чыгарылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына да жарлыктын талаптарын жетекчиликке алуу сунушталды.
Документте каралган иш-чаралар республикалык бюджетте тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын, анын ичинде тарыхый-маданий объекттерди сактоо жана реставрациялоо боюнча коомдук фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланат.(ZKo)
Шерине