Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Айчүрөк Өмүралиеванын агасы анын өлүмүн калыс териштирүүнү өтүндү

Маркум Айчүрөк Өмүралиева.
Маркум Айчүрөк Өмүралиева.

Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Акылбек Өмүралиев президент Садыр Жапаровдон 25 жаштагы карындашынын өлүмүнө байланыштуу ишти калыс териштирүүнү камсыз кылып берүүсүн өтүндү.

Ал 25-октябрда мамлекет башчысынын Чаткал районунун тургундары менен жолугушуусунда карындашы 10-июлда каза болгонун айтып, аны күйөөсү өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүргөн деп эсептей турганын билдирди.

Акылбектин айтымында, окуя болгон күнү ооруканага тергөөчү чакырылып, ал маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери жок деген жүйө менен өз жанын кыйган деген тыянакка келген.

"Күйөөсү тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бирок тергөөчү ооруканага барганда апам менен бир тууганыма "денесинде эч кандай так жок, өзү асынып өлүп алыптыр" деп тосмо арызга кол койдуруп алыптыр. Мен Бишкектен туруп, телефон аркылуу тосмо арыздан баш тарткам. Ошондо кол коюлган тосмо арыздар жок кылынган. Карындашымдын көзүнүн үстүндөгү көгала такка көңүл бурушкан эмес. Карындашым асынып өлдү деп жатышкан жылыткыч колго жасалган, жепжеңил, мышык сүйрөп кете тургандай темир. Мен өзүм атайы барып, эксперимент кылып көрдүм", - деди ал.

Жолугушууга катышып отурган ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов окуя тууралуу маалымат берип, быйыл 10-июлда түн ичинде аял окуя болгон жерден жылыткычка жоолук менен асылган абалда табылганын билдирди. Анын сөзүнө караганда маркум келиндин күйөөсүнө кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

"Учурда маркумдун күйөөсүнө карата аны өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат, кошумча экспертизалар дайындалды. Ал камакка алынган", — деди министрдин орун басары.

Президент Садыр Жапаров милицияга ишти тыкыр териштирүүнү, ал эми сот өкүлүнө бул ишти көзөмөлүнө алуусун тапшырды.

Сөз болуп жаткан маркум Айчүрөк Өмүралиеванын өлүмү суроо жаратып жатканын айткан жакындары "Азаттыкка" да кайрылышкан. Алар окуяга зомбулук себеп болгонун айтып, милиция ишти акыйкат тергебей жатат деп нааразылыгын билдиришкен. Келиндин кайын журту зомбулук тууралуу дооматтарды төгүнгө чыгарган.

Айчүрөктүн өлүмүнө бир ай боло электе Аксыда 34 жаштагы келин өмүрүнө кол салганы айтылган. Келиндин жакындары да кызы асынып алганына ишенбесин, анын өлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айтып чыгышкан.

Июль айында Кара-Кулжада 24 жаштагы келин, май айында Кара-Сууда 21 жаштагы келин асынып алганы кабарланган.

2025-жылы Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 152 факты катталган. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG