Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

"Алып кетпесеңер болбойт деп жазган". Аксыда 25 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдө

Айчүрөк Өмүралиеванын сүрөттөрү анын агасынын уруксаты менен жарыяланууда. Телефондун архивинде калган бул сүрөт маркум келин кош бойлуу кезинде тартылган.
Айчүрөк Өмүралиеванын сүрөттөрү анын агасынын уруксаты менен жарыяланууда. Телефондун архивинде калган бул сүрөт маркум келин кош бойлуу кезинде тартылган.

Аксыда 25 жаштагы келин табышмактуу жагдайда каза таап, жакындары күйөөсүн айыптап чыгышты. Алар окуяга зомбулук себеп болгонун айтып, милиция ишти акыйкат тергебей жатат деп нааразы. Милиция кылмыш иши козголгонун билдирүүдө. Келиндин кайын журту зомбулук тууралуу дооматтарды төгүндөп жатат.   

“Карындашым өзү өлгөнүнө ишенбейм”

Айчүрөк Өмүралиева 10-июлда Кербен шаарына караган Ак-Дөбө айылында каза болду. Маркумдун кайын журту келин асынып алганын айтышкан. Өмүралиеванын бир туугандары мындай жүйөгө ишенбейт. Келиндин өлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айтып жатышат.

"Классташ кыздарына айткан. "Мени уруп өлтүрүп коёт окшойт, мени алып кетпесеңер болбойт, ошол жактан эптеп качып барбасам болбойт окшойт" деп кечки саат 19:30да жазып жатат классташына. Ал СМСтери бар. Ошол эле күнү аталаш бир туугандарына чалган. "Мен Бишкекке барам, мага батир таап койгула" деп сүйлөшкөн экен" , - деди маркумдун агасы Акылбек Өмүралиев.

"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Айчүрөк Өмүралиева күйөөсү, үч баласы менен Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө айылында жашап келишкен. Жакындары ал буга чейин күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын билдиришүүдө. Сөөктү караганда табышмактуу жагдайлар болгонун агасы Акылбек айтып берди:

"Көзүнүн карегинде жараат бар. Ошонун эле жанында көгала так бар. Оң жагы канталап калган. Моюнунда колдун изи калган. Сол жак акырегинен моюнунун артына чейин кара көк тартып турат. Денеси жарабайт. Денесинин арты көгөрүп кеткен".

Акылбек Өмүралиев "Азаттыктын" кабарчысына телефондон маек берүүдө
Акылбек Өмүралиев "Азаттыктын" кабарчысына телефондон маек берүүдө

Акылбек тергөөгө да нааразылыгын билдирүүдө: "Тергөөчүнүн көп иш-аракеттери кылмыш ишин жабуу максатында болгону ачык көрүнүп турат. "Мен кызыңызды көрүп кеткенмин, дене-башында жарааты жок, таза" деп айтканга тергөөчүнүн кандай укугу бар? Андай укугу жок да".

Жалал-Абад облустук милициясы болсо бул факт каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

"Окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде укуктук баа берилет", - деди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улукбек Сулайманов.

"Зомбулук болгон эмес"

"Азаттык" Айчүрөк Өмүралиеванын кайын журту менен да байланышты. Бул үй-бүлөнүн атын атабаган өкүлү маркумдун жакындарынын дооматтарын четке кагууда:

"Эч кандай зордук-зомбулук болгон эмес. Буюрса, экспертиза так чыгып берсе, биздин ак экенибиз билинет. Денесиндеги көгала боюнча айтсак, адамдын жаны чыккандан кийин 1,5–3 сааттын ичинде дене көгөрөт экен", - деди ал.

Маркум Айчүрөк Өмүралиев
Маркум Айчүрөк Өмүралиев

Айчүрөк Өмүралиева жолдошу менен баш кошконуна быйыл сегиз жыл болгон экен. Маркумдун артында чиедей эки уулу, кызы калды.

Анын өлүмүнүн чоо-жайы экспертизалар бүткөндө белгилүү болмокчу. Экспертиза качан чыгып, качан маалымат берилери азырынча белгисиз.

Маркумдун сөөгүн жакындары алып кеткен. 12-июлда Кербен шаарында өзү туулуп-өскөн үйдө тажиясы өтүп, жерге берилген. Үй-бүлөнүн арыз, талабы менен милиция экспертизага керектүү маалыматтарды алып кеткенин Акылбек Өмүралиев билдирди.

Кыргызстанда 2025-жылдын он айында эле 18 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын негизинде 2090 адам камакка алынып, жоопкерчиликке тартылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 27 пайызга көп. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары жылдан-жылга көбөйүүдө.

Андарактагы өмүрү кыйылган аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:41 0:00
  • 16x9 Image

    Нургелди Каныбек уулу

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. 2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын сыйлыктарын алган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG