Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

"Оку, өнүк, күйөөгө шашпа". Өзбекстан эрте нике көйгөйүн чечүү аракетинде

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Өзбекстанда бийлик жаштардын акылы токтоло баштаган куракта гана үй-бүлө куруусуна шарт түзүү аракетин көрүүдө. Борбор Азиянын калк эң жыш жайгашкан өлкөсүндө никеге тургандардын үчтөн бири жашы толо электер. Өкмөт 21 жаштан өткөндө гана үйлөнгөндөргө түрдүү жеңилдиктер берилерин убада кылууда.

«КҮЙӨӨГӨ ЭРТЕ ЧЫГЫП КӨП НЕРСЕДЕН КУРУ КАЛДЫМ»

Ташкент шаарынын тургуну Мархабо турмушка 17 жашында чыккан. Эртелеп үй-бүлө куруу ата-энесинин мажбурлоосу эмес, өзүнүн жеке тандоосу болгон экен.

«Мен өзүмдүн алыс тууганыма сүйүп турмушка чыккам. Май айында 11-классты аяктап, августта үйлөнүү тоюбуз болду, ал эми сентябрь айында университетте окуум башталды. Үй-бүлөм күйөөгө эрте чыгышыма каршы болгон эле, бирок мен аларды уккан жокмун. Ата-энем ошондо канчалык туура болгонун кийин гана түшүндүм, бирок анда кеч болуп калган. Кайненем өзүбүздүн эле тууганыбыз болгонуна карабастан менден келини катары үйдөгү бардык иштердин аткарылышын талап кылчу. Үйдөгү оокаттын баарын жасап жетише алчу эмесмин, анткени студент элем. Кайненем ошого ачуусу келер эле. Турмушка чыккандан он ай өткөндөн кийин кыз төрөдүм. Эки эсе көп түйшүк басты. Айла жок, университеттен академиялык өргүү алууга мажбур болдум», — деп айтып берди "Азаттыкка" Мархабо.

Азыр ал 52 жашта. Күйөөгө эрте тийүүнүн кереги жок экенин белгилеген маектешибиз өз кызына да үй-бүлөнү эрте эмес, акыл токтотуп калган куракта курган оң болорун айтып жүрүп чоңойтту.

«Кызыма "эгер бирөөнү сүйүп калган болсоң да мага окшоп күйөөгө эрте кетип калышыңа жол бербейм" деп дайым айтып келдим. Эрте турмуш курам деп мен көп нерседен куру калдым. Чогуу окуган курсташ кыздарыма окшоп менде кадимки студенттик жашоо болгон эмес, сабактан чыгып эле үйгө жөнөчүмүн. Күйөөм да студент болгондуктан алган стипендиябыз эч нерсеге жарыбайт. Ошондуктан ата-энебизден жардам сурап жашадык. Жашоом тынч болбогондуктан, эртелеп эне болгондуктан ден соолугум да начарлап, ошонун кесепетин азыр көрүп жатам», — дейт Мархабо.

2025-жылы Өзбекстанда жашы жете элек кыздарга үйлөнүүгө, төрт муундан берки туугандардын ортосунда нике курууга тыюу салуу сунушталган.
2025-жылы Өзбекстанда жашы жете элек кыздарга үйлөнүүгө, төрт муундан берки туугандардын ортосунда нике курууга тыюу салуу сунушталган.

Эрте нике, башкача айтканда, жубайлардын экөө тең же бири толук жашка жете элек болгон үй-бүлөлөр Өзбекстанда көптөн бери кадыресе көрүнүш, норма катары каралып, кеңири жайылган эле. Бирок соңку 10-15 жылда кыйла өзгөрүү бар экенин байкоого болот. Расмий статистика маалыматына караганда, жаштайынан үй-бүлө курган жуптар 2010-жылы 8 миңдей катталса, 2023-жылы 68 болгон. 2025-жылдын тогуз айында Өзбекстанда 15-17 жаштагы кыздар күйөөгө чыккан 155 факт катталган.

2024-жылы аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо багытындагы Equality Now бейөкмөт уюму Өзбекстанды эрте нике көйгөйү сакталып турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Уюмдун эсебине караганда, мындай нике боюнча көрсөткүч төмөндөп баратканы байкалууда жана 3,4 пайызды түзүүдө, «бирок республиканын чыгыш тарабындагы аймактарда бул көрсөткүч 11 пайыз бойдон сакталууда».

Сайёра Хожаева
Сайёра Хожаева

«Көйгөй айрыкча 1-2 райондо катталууда. Мисалы, Кашкадарыя облусунун Чыракчы районунда, Фергана облусунун Маргалан шаарында жана Ташкент облусунун Бука районунда. Анткени бул райондордогу айыл жергесинде салттуу, патриархалдык көз караштардын таасири дагы деле күчтүү», — деп түшүндүрдү Демократия жана адам укуктары институтунун директору, юридика илимдеринин кандидаты, эксперт Сайёра Хожаева.

Өзбекстандагы эрте жаштагы нике көйгөйү тууралуу сөз болгондо талдоочулар негизинен башкы факторлордун бири катары коомдогу басымды аташат.

«Эрте үй-бүлө куруу биринчи кезекте аялдардын саламаттыгына жана алардын билимдүү болуусуна терс таасир тийгизет. Медициналык изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, 15-19 жаштагылардын улуураак курактагы энелерге караганда төрөттөн ар кандай жабыркоого дуушар болуу коркунучу көбүрөөк. Себеби алардын организми толук даяр болуп калыптанып бүтө элек. Бирок, тилекке каршы, маселе кыздардын жеке чечиминде гана эмес, алар өсүп, тарбияланып келаткан социалдык чөйрөнүн таасиринде», — деген ою менен бөлүштү "Азаттыкка" Ферганадагы энелерди жана балдарды социалдык-укуктук жактан коргоо менен алектенүүчү «Мехржон» бейөкмөт уюмунда иштеген психолог, активист Муаззам Ибрахимова.

ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН КЫЗЫКТЫРУУ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЫКМАЛАР

Укук коргоочулар Өзбекстан өкмөтүнө берген сунуштарында кыздардын эрте никеге туруусун алдын алуу жана окуусун улантуусуна шарт түзүү үчүн алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жактан көмөктөшүү стратегиясын киргизүүгө чакырышкан.

Ошентип, жакында өзбек бийлиги турмушка акылы токтолуп калган куракта чыгууга түрткү болуучу чараларды көрүүнү чечти. Алардын максаты - экономикалык колдоо көрсөтүү жана укуктук механизмдерди камтуу.

Быйыл 3-мартта өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 2027-жылдан тартып үй-бүлөлүк турмушка алгачкы жолу экөө тең 21 жаштан жогору куракта аттанган жаш жубайларга мамлекет кошумча жеңилдиктерди берип турат. Кесиптик ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү үчүн же турмуштук оор кырдаалдан чыгуусу үчүн берилүүчү субсидиялар, ссудалар жана гранттар катардагы төлөмгө салыштырмалуу бир жарым эсе көбүрөөк бөлүнөт. Жаңы баш кошуп жаткан жаш жубайлар нике келишимин түзө турган болсо, анда алар никесин каттоо үчүн мамлекеткө төлөнүүчү алымдан бошотулушу мүмкүн.

Ошону менен катар бийлик жаш жубайлар үчүн атайын окутуу программаларын баштоодо. Маалыматка караганда, 2030-жылга карата Өзбекстанда никеге туруп жаткандардын баары тең атайын борборлордон «Бактылуу жана зордук-зомбулуксуз үй-бүлөлүк жашоого даярдануу» деп аталган бекер курстардан өткөрүлөт.

2019-жылга чейин Өзбекстанда кыздарга турмушка 17 жаштан чыгууга уруксат берилип келген. Кийин эркектер үчүн да, аялдар үчүн да нике курагы 18 жаштан деп бирдей белгилеген норма кабыл алынган. Мындай ченем киргизилгенден кийин, 2020-жылы 17 жашында күйөөгө чыккандардын саны боюнча көрсөткүч жалпы өлкө боюнча 97 пайыздан дароо 88 пайызга түшкөн.

Бирок, ошол эле учурда, мыйзамда нике курагын бир жылдан ашпаган мөөнөткө төмөндөтүүгө жана өзгөчө учур катары кароого мүмкүндүк берген орчундуу себептер (мисалы, кош бойлуулук, бала төрөө) сакталып калууда. Жашы жете электердин никесин каттоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу зарыл. Ата-энелер жана чоң ата, чоң энелер балдарынын же неберелеринин никесин каттоого алдыруу үчүн ар кандай амалдарды издеп келишкен. Эми бийлик жашы толо электердин никесин каттоо үчүн коюлуучу талаптарды тактап, иретке келтирип койгонун президенттин администрациясынын сот тутумун реформалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нодира Хакимова билдирди.

Нодира Хакимова
Нодира Хакимова

«Мындан ары эл арасында көпчүлүк учурда колдонулуп келген "чоң апамдын каалоосу" же "күйөөсү жубайын чет мамлекетке алып кеткиси келип жатат" деген сыяктуу шылтоолор кабыл алынбайт жана балакатка жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна негиз боло албайт», — деди мамлекет башчынын администрациясынын өкүлү.

Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинде нике курагы жөнүндөгү мыйзамдарды же никеге туруу тартибин бузуу тууралуу берене бар экенин эске салган Хакимова анда жашы жете элек кызга үйлөнгөн эркекке, анын ата-энесине жана диний ырым-жырымды өткөргөн адамга жаза чарасы каралганын да белгиледи. Бирок, анын айтымында, ортомчу болгон кишиге жаза каралган эмес. Эми беренедеги түшүнүк кеңейтилүүдө: мындан ары жашы толо элек кыздын күйөөгө тийүүсүнө үндөгөн, башкаларды кызыкдар кылган жана ошондой аракетти жактаган жарандар да жазаланат. Ошондой эле мамлекет эрте нике кургандар, кош бойлуу болгондор тууралуу маалыматты билип туруп жашырган кишилерди да жоопко тартууга белсенүүдө.

АЙКЫН СЕБЕПТЕР

Өзбекстан бийлиги мыйзамдык базаны ошентип кайра карап чыгууга белсенип жатышынын себептери түшүнүктүү.

Расмий статистикалык маалыматтарга караганда, өлкөдө никеге туруп жаткандардын 40 пайызга жакыны жаш курагы 18–19дагы жаштар. Алар, адатта, каржылык жактан өз алдынча эмес, атайын орто же жогорку билими да жок. Көбү үйлөнгөндөн кийин жашы улуу туугандары менен бир үйдө жашашат, мунун айынан көп учурда ортодо пикир келишпестик жаралат, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук да ошондой шартта күчөйт.

Өзбек бийлиги мына ушул көрүлүп жаткан чаралары аркылуу эрте нике курууну азайтуу, жубайлардын ажырашуу санын төмөндөтүү максатын көздөөдө. Ажырашуулардын 30 пайызга жакыны, расмий маалыматтарга караганда, 30 жашка чейинки курактагы жубайлар арасында катталууда.

Эл жыш отурукташкан аймактарда, айыл жергесинде адамдар арасында эски көз караш дагы эле күч, андай жерде кыздар үчүн чечимди алардын туугандары кабыл алышат.

«Мен өзүм эрте турмушка чыгып, никеде көп эле кыйынчылык көрдүм. Ажырашып, эки баламды жалгыз тарбияладым. Жалгыз кызымдын тагдыры меникиндей болушун каалаган эмес элем», — дейт 45 жаштагы Гүлноза.

Бирок, анын айтымында, үй-бүлөлүк шарттан улам кызын бойго жеткенде эле турмушка берүүгө мажбур болгон.

«Балдарымдын атасы Орусияда жашайт, алардын турмушу менен иши жок, өзүм он жылдан ашык убакыттан бери Түркияда иштейм. Мен кетип жатканда балдарым кичине эле, аларды өзүм менен кошо алып кете алган жокмун. Туугандарыма калтырууга мажбур болдум, аларга дайыма акча жөнөтүп турчумун. Бирок кызым 16 жашка толгондо эле мени туугандарым аны тезирээк күйөөгө бериш керек деп көндүрө башташты. Алар: "Кызың бойго жетип калды, жигиттер көз сала башташты, эртең бирөө менен илешип кетип, үй-бүлөнү уят кылбасын. Сен жанында жоксуң, биз аны дайыма көзөмөлдөй албайбыз" деп айтышты. Эгерде мен өз мекенимде жашап жана иштөөгө мүмкүнчүлүгүм болсо кызымды окутмакмын. Кызыма айылыбыздагы жакшы үй-бүлөдөн жуучу келгенде каршы болбой, макулдугумду бердим. Анткени туугандарым кызымдын андан ары алардын карамагында калышына макул болушкан жок», — деди маектешибиз.

Өзбекстанда нике курагы 18 жаштан башталат.
Өзбекстанда нике курагы 18 жаштан башталат.

«МАСЕЛЕНИ АКЧА МЕНЕН ЭЛЕ ЧЕЧИП КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС»

Демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайёра Хожаева бийликтин жарандарынын никеге кыйла жетилген куракта туруусу үчүн көрүп жаткан аракетти колдойт. Бирок, анын белгилешинче, маселени түп тамырынан чечүү үчүн жалаң эле жеңилдиктер же каржылык стимул жетишсиз.

«Мен никени каржылык жактан колдоо, жеңилдик берүү деген маселе боюнча эл аралык кандай тажрыйба бар экенине кызыгып, маалымат издеп көрдүм, бирок эч нерсе таба алган жокмун. Мындай демилге биздин өлкө тараптан көтөрүлүп жатышы мамлекетибиздин да, өлкө жетекчилигинин да бул көйгөйдү чечүүгө канчалык далалат экенин көрсөтүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, Борбор Азияда экологиялык жана башка факторлорду эске алганда, кыздар болжол менен 19 жашында, ал эми жигиттер 21 жашында толук бойго жетет. Каржылык колдоо, албетте, жаштарды кызыктырышы мүмкүн, бирок бул укуктук маданиятты жогорулатуу үчүн жетишсиз. Укуктук маданиятты билим берүү аркылуу бекемдөө керек», — дейт Хожаева.

Ушундай эле көз карашты карманган психолог Муаззам Ибрахимова мындай дейт:

Муаззам Ибрахимова
Муаззам Ибрахимова

«Акча берип коюп эле эрте никеге турууну алдын алуу мүмкүн эмес. Эгерде кыз баланын билим алуусуна, карьера куруусуна жана экономикалык эркиндикке жетишүүсүнө шарт камсыздалса, ал турмушка чыгууга шашпайт. Коомдо эгер мүмкүнчүлүктөр кеңири болсо эрте никеге туруу деген көрүнүш өзүнөн өзү азаят. Кыздардын үзгүлтүксүз билим алуусуна шарт түзүү - эң натыйжалуу чара. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыздар жогорку окуу жайга чейинки билим менен камтылса, ал жерде эрте нике кескин азаят. Ошондуктан кыздар үчүн билим берүү гранттары жана кесиптик окутуу программалары, ата-энелер үчүн түшүндүрүү иштери жана мажбурлап никеге тургузууга укуктук көзөмөл сыяктуу комплекстүү чараларды киргизүү зарыл».

Мамлекет жогоруда психолог адис мисал келтирген чараларды ишке ашыруу аракетин көрүүдө. Мисалы, келерки жылдан тартып төрөгөнү кетип жаткандыктан окуусун таштоого мажбур болгон студенттерге жогорку окуу жайына кайтып барып, билим алуусуна кайрадан мүмкүнчүлүк берилгени жатат. Балалуу студент келиндерге кошумча бош убакыт берүү, окуу программасын өздөштүрүүсүнө шарт түзүү да каралууда.

Ташкенттик каарманыбыз Мархабо да өкмөттүн мындай жеңилдик шарттарын кубаттоодо. Ал ар бир кыз күйөөгө тиер алдында эмоционалдык жактан жетик, каржылык жактан көз каранды эмес болгудай өз алдынча каражат таба алган абалда болушу шарт деп эсептейт.

«Кызыма "адегенде билим ал, иш менен камсыз бол, өзүңө материалдык жактан пайдубал түзүп ал, күйөөгө тийүү тууралуу ошондон кийин гана ойлон" деп дайым айтып келдим эле. Менин тилимди алганы жакшы болду», — дейт Мархабо.

Макаланын орусчасы бул жерде

XS
SM
MD
LG