"Алдап алып келишкен..."
2012-жылы Салтанат болгону 14 жашта эле. Оштон тааныш аял аркылуу Түркиянын Анталия шаарына келген. Бирок ал чоочун жерге келгенде ойлогондой болгон эмес.
“Бул жерге барып иштейсиң, анан Кыргызстанга келип, үй аласың” деп, мени алдап алып келишкен. Келгенде гана сатканы алып келгенин түшүндүм. Канча кыздарды алып келип сатып иштетишет экен. Ал кезде ошол жерде иштегендер: “Бул ишти кылбасаң, сени өлтүрүп сайга ыргытып жиберишет. Эч ким таппай калат” деп айтышкан. Мен бул жерге өз паспортум менен келген эмесмин. Мени башка кыздын паспорту менен алып келишкен. “Түркияга барып дарыланасың” деп алдашкан".
Көп өтпөй Салтанат аны алып келген адамдар сексуалдык кулчулукка сатканын түшүнгөн. Ал жылдары Түркияга бир топ кыргызстандык кыздар алданып келгенин укук коргоочулар да белгилешет.
"Бир үйгө алып келип, ошол жерде жашатышкан. Бардыгы ошол жерде жашачу. Мен алардын сүйлөшүп жатканын угуп, бул эмне жер экенин түшүндүм. Бир күнү кечинде качтым. Күндүз эмес, түнкүсүн качтым. Экинчи кабаттан терезеден секирип түшкөм. Ошол учурда эч нерсе ойлогон жокмун. Бир гана качыш керек экенин билдим.Кийин арыз жазып бердим. Милиция барып кармаган. Баарын эмес, көбү качып кетиптир. Мени алып келген аял да качып кеткен экен. 17–18 кыз кармалган".
Түрк полициясы Салтанаттын арызын кабыл алган. Бирок өспүрүм кызды алыстан алдап алып келген аял бир күндөн кийин эле бошотулган.
Ошондон кийин түрк өкмөтү жашы жете элек кызды 18ге чыкканча өз камкордугуна алганын Жогорку Кеңештин алдында түзүлгөн миграция комитетинин коомдук өкүлү Жаңылай Балтаева билдирди:
"Аны аялдарды коргоо борборуна алып барышкан. Ал жерде алты жыл жашап, алар коргошуптур. Бирок аны алып келгендер Түркиядан депортация болуп кетишти. Депортация болгондо да: “Сени соо койбойбуз. Кыргызстанга барсаң да табабыз” деп коркутуп кетишкен. Ошондуктан ал башында Анталиядагы кризистик борбордо жашап, кийин Стамбулга которулган. Андан кийин бир күрд жигитке турмушка чыгыптыр".
Биз барган чакан кыштакта Салтанат күйөөсү, үч баласы жана кайын журту менен жашайт. Ал күрд жигит менен 18 жашында таанышып, кийин баш кошушкан.
"Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, баш коштук. Ал мени колдоп, коргоп жүрдү. Менин бала кезде деле чоң кыялдарым болгон эмес. Атам менен апам ажырашып кеткен. Жөн гана турмуш куруп, үй-бүлө менен бактылуу жашайм деп ойлочумун. Азыр паспорт алып, Кыргызстанга барып туугандарымды көргүм келет. Ошону гана кыялданам", - дейт Салтанат.
Салтанат 14 жылдан бери туулган жерине бара элек. Апасы менен ал Түркияга келгенден беш жылдан кийин гана байланышкан. Азыр Салтанаттын колунда паспорту жок адамдарга убактылуу гана берилчү кагазы бар. Ал Түркиядан да, Кыргызстандан да паспорт ала элек.
Ошентип 14 жыл мурун мектепти бүтө элек кезинде башка бирөөнүн паспорту менен сыртка чыгып кеткен кыз билим да ала алган эмес.
"Бул жерде жашаганга атайын карта беришкен. Түркияда жашап, иштөөгө уруксат берген документ. Ошол документ менен жүрөбүз", - дейт ал.
"Мен Кыргызстандын жаранымын..."
"Башка шаарга бара албайт. Баруу үчүн атайын уруксат алыш керек. Уруксатсыз бара албайт. Бул шаардан чыкпайт. Түрмөдө отургандай эле көзөмөл болот. Полиция кайда жүргөнүн билип турушу керек. Эркектерге бутуна электрондук билерик тагышат. Аялдарга болсо документ аркылуу көзөмөл болот. Мисалы, Анталияга барса эки күнгө уруксат беришет. Ошол убакытта кайтып келиши керек. Кечиксе айып пул төлөйт. 2024-жылы августта консулдукка кайрылганбыз. 2025-жылы январда кайра чакырышты. Бирок жыйынтык чыккан жок. Быйыл дагы курултайга барып, тиешелүү жерлерге документтерди бердим. Бирок дагы деле жыйынтык жок",- деди Жаңылай Балтаева.
Ошентип, 14 жылдан бери расмий документ ала албай жүргөн келин кыргыз паспортун качан алам деп зарыгып күтүп турган чагы:
"Мен Кыргызстандын жаранымын. Эмне үчүн мага жардам бербей жатышат? Эмне үчүн мага паспорт бербей жатышат? Мен ошого таарынып жатам.“Өзүң бар” дешет. Кантип өзүм барам? Балдарым кичинекей. Аларды таштай албайм. Балдарымды алып чыгууга да болбойт. Консулдукка барганда көп документ сурашты. Атама, апама байланыштуу документтерди да алып келгиле дешти. Баарын Кыргызстандан алып келип беришти. Бирок баары даяр болгондо да жардам беришкен жок. Азыр мен иштей албайм. Үйдө отурам. Эгер документим жок болуп калса балдарым эмне болот деп коркуп жашайм".
“Азаттык” Салтанат менен жолуккандан кийин Кыргызстандын Анталиядагы консулдугуна кайрылып, кыргыз келиндин жагдайы тууралуу сурады.
Дипломатиялык өкүлчүлүк жазуу түрүндө мындай жооп берди:
2024-жылдын 22-ноябрында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо жол-жобосу башталган. 2024-жылдын 12-апрелиндеги колдонуудагы нускамага ылайык, 18 жашка толгондон кийин өз убагында документтештирилбеген учурда ID картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөө Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлөрү боюнча кошумча түшүндүрмө берилген. Башкы консулдук өз ыйгарым укуктарынын алкагында бул маселе боюнча консультациялык колдоону улантууда.
14 жыл мурун өспүрүм кезинде алданып, Түркияга кантип келгенин Салтанат азыр эстегиси келбейт. Ал ошол маалда өмүрүн тобокелге салып, качып кетип, аман калганына гана сүйүнөт. Ушул тапта эки кыз, бир уулун тарбиялап жаткан Салтанат эне катары балдарына бактылуу тагдыр буйурса экен деп тилейт:
"Аялдар өздөрүн коргошу керек. Башкалар үчүн иштеп, өздөрүн кыйнабасын. Кыргызстандык кыздарды алдап алып келип, ушундай иштерге мажбурлап жаткандарды жоопко тартуу керек. Канча кыздардын тагдырын бузуп жатышат. Эгер өз жараныңа өзүң күйбөсөң, башка эч ким күйбөйт экен. Кыздарым мага окшоп кыйналбасын деп каалайм. Алар күчтүү болсун. Азыр мен балдарым үчүн жашап жатам. Балдарымды таштай албайм".
Укук коргоочу уюмдар белгилегендей, Борбор Азиядан чет өлкөгө ишке барабыз деп алданган кыз-келиндер ондоп саналат. Алардын айрымдары гана тузактан аман-эсен кутулуп, мекенине кайтып келет.
Кыргыз бийлигинин реакциясы
18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Түркияда узак убакыттан бери оор шартта жашап жүргөн, эч кандай документи жок кыргызстандык келиндин маселесин көтөрдү. Эл өкүлү “Азаттыктын” журналисттери барып, тартып келген аялга паспорт берүү маселесин өкмөткө жеткирүүнү жана тиешелүү органдарга тапшырма берүүнү сунуштады.
“Ал кыз видеодо паспорт бергиле деп ыйлап кайрылып жатат. Биздин мыйзам боюнча паспорт алыш үчүн жаран Бишкекке келиши керек экен. Колунда документи жок жаран кантип Кыргызстанга келе алат? Тышкы иштер министрлиги мыйзамды сакташы керек. Бирок өзгөчө кырдаал болгондуктан, өкмөт башчыга кайрылат элем, ушул кыздын маселесин чечип берсеңиздер”, - деди депутат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда узактан бери оор акыбалда жашап жүргөн кыргызстандык С. Макамбетованын паспорт алуусуна жардам берилерин 18-мартта билдирди.
Мекеме маалымдагандай, Макамбетованын жарандык паспортун алуу боюнча кайрылуусун Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу карап жатат.
Маалыматка ылайык, Макамбетова тек-жайын күбөлөндүрүүчү документи жоктугуна байланыштуу кыргыз паспортун да алган эмес, натыйжада мамлекеттик маалыматтык тутумдарда анын каттоосу жана кыргыз жарандыгына таандыгы тууралуу да маалыматтар жок. Ошондуктан жарандыкты аныктоо үчүн тиешелүү жол-жобону жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.
"Ушуга байланыштуу арыз ээсине зарыл болгон документтердин тизмеси жөнөтүлгөн. Талап кылынган документтер толук көлөмдө чет өлкөдөгү мекеменин дарегине түшө элек", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Тышкы саясат мекемеси Макамбетова узак убакыттан бери Түркияда жашап жүргөндүктөн аталган өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары менен чогуу бардык жагдайларды тактап жатканын кошумчалады.
Маалыматта ошондой эле кыргызстандык кызга мыйзам алкагында көмөк көрсөтүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
Шерине