Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Баткендеги жубайлардын өлүмү: Беш баланын тагдыры эмне болот?

Баткен районунун Чоң-Кара айылында үрөй учурган кандуу окуя катталды. Алгач аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган кишинин артында беш бала калды. Алардын тагдырын комиссия карай турган болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, атайын экспертиза дайындаган.

Балдардын тагдырын комиссия карайт

Милиция берген маалыматка ылайык, 26-апрелде Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын 45 жаштагы тургуну жубайын бычак менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.

Кандуу окуя түн ичинде үйдө балдар уктап жаткан учурда болгон. 1980-жылы туулган жаран 1981-жылы туулган жубайына бир нече жолу бычак сайып, аял ошол жерде каза болгон. Андан кийин ал үйүнүн короосундагы өрүк бакка асынып алган.

Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

“25-апрелден 26-апрелге караган түнү болгон бул окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө катталды. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Алынган далил буюмдарга атайын экспертиза дайындалды. Алдын ала малыматтарга карганда жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, алгач аялын бычак менен сайып, анан өзү бакка асынып алган. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы маалыматтар такталат”, - деди Баткен облустук ички иштер башкармалыгын маалымат кызматынын башчысы Дамира Юсупова.

"Түндө атып салам деп коркуткан". Жардам сураган кыз-келин кайда барат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:36 0:00

Орто жашаган үй-бүлө болчу

Милиция учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Жубайлар орто жашачу. Эч жерде иштебейт. Беш баласынын экөөсүнүн жашы жетелек болгон.

Райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, алар буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук же башка терс көрүнүштөр боюнча каттоодо турган эмес.

Бул окуя боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан атайын комиссия түзүлүп, маркумдардын артында калган беш баланын мындан аркы тагдырын караганы жатат.

«Тилекке каршы бул окуядан кабардарбыз. Азыр тиешелүү иш-чараларды алып баруудабыз. Атайын балдарды коргоо боюнча адистер жана психологдорду жибердик. Мурда-кийин бул үй-бүлө боюнча кандайдыр бир терс көрүнүш каталган эмес. Эми балдардын тагдырын жакын арада дароо комиссия менен биргеликте талкуулап, асырап алуучуларды аныктайбыз. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Учурда балдардын абалын аныктоо жана аларга керектүү жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Комиссия бардык жагдайларды карап чыгып, чечим кабыл алат”, – деп билдирди Баткен районунун акиминин орун басары, үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча комиссиянын төрайымы Жумагүл Сатыбалдиева.

Жубайлар ортосунда каржылык маселеден улам пикир келишпестик чыккан болушу мүмкүн деген божомол айтылууда.

Аталган айылда суу тартыш болгондуктан жер дээрлик иштетилбейт. Ишке жарамдуулар мал багып, жалданма жумуш менен алектенишет.

Мындай окуялар канткенде токтойт?

Жумагүл Сатыбалдиеванын айтымында, райондо зомбулуктун алдын алуу багытында ар бир айылда жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жакында эле айяктаган. Ошого карабастан, мындай кайгылуу окуялар коомчулукта үй-бүлөдөгү мамилелерге жана психологиялык абалга көңүл буруу зарылдыгын дагы бир ирет көрсөтүүдө.

“Биз атайын бекитилген иш пландын негизинде райондун ар бир айылында түшүндүрүү чараларын уюштуруп, атайын компания алкагында ири иш-чарабызды жакында эле аяктаганбыз. Ошол эле окуя болгон айылда ата-энелер, үй-бүлөлөр үчүн кенен иш-чара өткөрдүк эле жакында. Тилекке каршы бул окуя катталып калды. Биз дагы да аракеттенип, калк арасындагы түшүндүрүү чараларын күчөтүп, алдыда дагы бир топ иштерди алып барабыз. Бул окуядан да сабак алынат”, - деди Сатыбалдиева.

Аялын өлтүрүп андан кийин өз жанын кыйган киши жакында эле жашы 80ден өткөн энесин жерге берген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG