Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

“Күйөөм мени өрттөдү”. Майрамкүл жардамга муктаж

Майрамкүл Таалайбек кызы
Майрамкүл Таалайбек кызы

Мындан 2,5 ай мурда Майрамкүл Таалайбек кызын жолдошу бензин чачып, өрттөп жиберген. Сол капталы, колу ийинден ылдый, далысы күйгөн келин ооруканада эки ай жаткан. Азыр ал апасынын бир бөлмөлүү батиринде эки кичинекей кызы менен баш калкалоодо.

Каражаттын жоктугунан толук дарылана албай, өлкө бийлигинен жардам сурады.

Майрамкүл Таалайбек кызына күйөөсү бензин чачып, өрттөп жибергенине 2,5 ай болду. Анын кесепетинен келиндин моюн булчуңдары катып, башын көтөрө албай калган. Сол капталы ийинден ылдый, далысы, колдору катуу күйүк алган.

«Атасына, акелерине “жабыштырчу”»

Жабыркаган келиндин айтымында, каргашалуу окуя былтыр 15-октябрда, Таласта болгон. Ал адаттагыдай мас болуп келип, кызганычтан уруш чыгарды деп эскерет Майрамкүл.



“Кайнатам, кайненем тойго кетишкен. Үйдө эки кызым менен калгам. Жумушка кеттим деп, түштөн кийин келип калыптыр. Баса албайт, чалынып. “Тамак ичем” деди. Тамак куюп берсем кичине жеп, үстөлдү аңтарып салды. Кыздарым коркуп, качышып. Кызганып, кошуналарга, жанында жүргөн атасына, акелерине “жабыштырчу”. “Мен сени өлтүрүп кутулам” деп балта менен кубалай баштады. Экөөбүз балта талашып жаттык. Мен балтаны жулуп алып, ыргыттым”.

Майрамкүл балтаны ыргытып салганы менен уруш токтогон эмес. Күйөөсү кампадан желим бөтөлкөдөгү күйүүчү майды алып чыккан. Мурда ал майды мотопилага куюп, чөп чапканда иштетишчү деп эскерет жабыркаган келин.


“Кампадан бензин алып келип, чачып жиберди. Бензин денеме чачылды. Экөөбүз желим бөтөлкөнү талашканда жерге чейин төгүлүп, чачырап кетти. Желим бөтөлкөнү өзү ыргытып жиберди. Аны талашып жатып, залга чейин кирип, ал жерде бир айнек сынды. Экөөбүз урушуп, мени кайра эшикке сүйрөп чыкты. Ошондо кыздарым эшикке кошо чыккан экен да. Жашынгыла дегем. Кыздарымды кайра киргизип, эшикти “кулпула” деп кыйкырганча ширеңкени каяктан алганын билбейм. Чагып жиберди, өрт жерге түшүп, тутанып кетти. Кыйкырсам келбейт эч ким. Кошуналар да укпачудай алыс жашашат да”, - деди көз жашын тыя албаган Майрамкүл.

Өрткө чулганып, ары-бери чуркай берген

Жолдошу ширеңкени жагып жибергенде келиндин моюн тарабына, сол капталына, далысына жабыла куюлган бензин дароо тутанып, күйө баштаган. Нес болгон Майрамкүл өрттүн жалынына оролуп, ары-бери чуркай берген.

“Жардамга, жардамга деп кыйкырып жаттым. Колум менен чапсам өчпөйт. Кайра күчөп, денеме жабышып, ачышып жатты. Короодо суу акчу. Сууну жандырсам, же ал чыкпайт. Бир чыгып, бир токтоп, кайра күчтүү чыгып кеткенде отура калып, чачындым. Сууну өчүрүп, кыйкырып жатканымда машине токтоп калды. Ошолор келип, жардам берип, ооруканага алып барды. Кошуналар экен. Аларды көп деле таанычу эмесмин. Эч жакка да чыкчу эмесмин”.

Кошуналары күйүк алган келинди Бакай-Ата райондук ооруканасына алып жөнөгөн. Бирок ал жерде күйүк бөлүмү жок болуп чыккан. Натыйжада Майрамкүл биринчи жардам гана алып, ал жерде үч күн жаткан. Андан соң жолдошунун туугандары аны Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирген.

Майрамкүл ооруканада эки ай жатканын, андан соң аны үйүнө коё беришкенин айтты. Бул учурда жолдошу жалынып, катуу кечирим сурап, келинди кайра Таласка кетүүгө көндүргөн экен.

“Ооруканада ал ичкен жок, жакшы жүрдү. “Кечирип кой, экинчи мындай кайталанбайт. Арак ичкенимди токтотом. Намаз окуйм, мечитке барам” деди. Куран китеп алып, окуп жүрдү. Эмне шайтан кирип кеткенин билбейм, үйгө барганда кайра эле башталды. Жаман болсо да кыздарымдын атасы деп койгом да. Атам каза болгондон кийин бизди апам өзү карады. Ата да, апа да болду. Ошондой болбосун, апамдын жашоосун кайталабайын деп ишенип барып алыптырмын да”, - деген келин өкүнүчүн жашырган жок.

Денеси күйгөн келин жолдошуна кайтып баргандан кийин бир айдай жашаган. Бирок жаңжал токтобогон соң биротоло кетүүнү чечип, Бишкекке, апасынын жанына келе берген.

Бир бөлмөлүү батирдеги жашоо

Жолдошунан кордук көргөн келин учурда Бишкектин четиндеги айылдардын биринде, апасынын ижарага алган батиринде турат. Бир бөлмөлүү батирде апасы, бир туугандары жана өзүнүн чиедей эки кызы менен жашап жатат.

Анткени апасы Нургүл Качыкееванын өзүнүн үй-жайы жок. Анын тапканы турмуш-тиричиликке өп-чап жетип, Майрамкүлдүн дарылануусуна ашпай жатат.

Каражат тартыштыгынан Майрамкүл ооруканада эки ай жаткан бойдон дарыланган эмес. Андан бери колуна тийген дары майларды сүйкөнүп, өз алдынча дарыланып жатканын жашырышкан жок.

“Мына, кечээ ооруканага барып, анализ тапшырдык. Дарыгер менен сүйлөштүк. Мунун каттоосу Таласта да. Таластан кагаз керек экен. Бул жакта каттоого албайт экен. Ошол жагы бизге кыйын болуп жатат. Муну ушул бойдон калтырбай, дарылатыш керек да. Көрүп алып, ары карап ыйлайм, бери карап ыйлайм. Мени көрүп, кызымдын маанайы түшпөсүн дейм”, — дейт көз жашына муунган эне.

Майрамкүл өзү денесинин канча пайызы күйгөнүн так билбейт. Жараатын ачып көрсөткөндө сол капталы бөйрөгүнөн өйдө күйгөнүн байкоого болот. Ага катар сол кулагы, моюн бөлүгү, көкүрөк тушу (эмчеги эмес), сол колунун учунан колтугуна чейин, далысынын жана белинин жарымы күйүк алган.

Дарыгерлер катуу күйгөн этти калыбына келтирүү үчүн жоон санынан тери кесип, жамап чагышкан. Бирок ал тери биригип, жан алып кете элек.

«Президенттен суранам»

Кызын жетиштүү деңгээлде дарылата албай, аргасы түгөнгөн апасы Нургүл Качыкеева өлкө бийлигинен жардам сурады. Ошондой эле, Майрамкүлдү жарым жан кылган мурдагы күйөө баласы тиешелүү жазасын алса дейт.

“Күйөө бала колу менен жасаганын моюну менен тартсын. Боштондукка чыгып кетпесин. Чоңдордон суранам, ушул ишти аягына чыгарып берсинчи. Чоңдордон суранарым, ушул кызымды өзүнө келтиргенге аракет кылып беришсе. Бул байкуштун барар жери жок. Бир бөлмө батир болобу, ошол жагынан жардам берсе жакшы болот эле. Бул да эки чычкандай баласын багып, чоңойтсун. Жашоосун улантсын, ушул боюнча чүнчүп кетпесин дейм. Ошол нерсени гана суранам. Өзүбүздө үй-жай жок. Мен үйгө жетпесем дагы кызыма баш паанек кылып берсе деп суранам. Садыр Жапаровдон ушуну чечип берсеңиз деп суранат элем”.

«Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген»

Майрамкүл Таалайбек кызы С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайында билим алган. Кесиби сүрөтчү. Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштеп жүргөндө үтүк басып иштеген жолдошу менен таанышкан. Сүйлөшүп жүрүп, бир жылдан соң баш кошушкан.

Чогуу жашаган беш жыл ичинде эки кыздуу болгон. Улуусу төрт жашта болсо, кичүүсү эми гана 2,5 жашка толду. Өзү 27 жашында минтип денесин оңдуу кыймылдата албай, камкордукка муктаж болуп калды. Жакындарынын камкордугу менен чыны, кашык кармаганды кайрадан үйрөнүүдө.

Майрамкүл апасы, кыздары менен ушул үйдүн бир бөлмөсүн ижарага алып жашайт.
Майрамкүл апасы, кыздары менен ушул үйдүн бир бөлмөсүн ижарага алып жашайт.

“Жараатымдан улам кыздарымды кучагыма кыса албайм” деген келин азыр күйүктүн азабын дары менен басууда. Ошентсе да эки чүрпөсү үчүн жашоосун улантууга белсенип, күчтүү болуу аракетинде жашап жатат.

Ал эми Талас облустук милициясынан аталган окуя боюнча арыз быйыл 5-февралда түшкөнүн маалымдашты. Анда алгач жубайлар кырсыкты жашырганы айтылат.

“2025-жылдын 15-октябрында Бакай-Ата райондук милициясына аймактагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, окуя МЭЖге катталган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө окуя боюнча күбөлөр суракка алынган. Алар мешке от жагуу учурунда от күйбөй калгандыктан, бензин чачылган учурда жалын тутанып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Ошол учурда М.Т. жана Д.Ж. жандандырүү бөлүмүнө жеткирилип, абалдары оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес. Жабырлануучу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына билдирбей келген. 2026-жылдын 5-февралында М.Т. кайрадан арыз менен кайрылып, окуя үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында болгонун, жолдошу атайылап күйүүчү май чачып, өрттөп жибергенин билдирген”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Милиция 32 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

“Күйөөм бензин чачып, өрт койду”. Майрамкүл жардамга муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:38 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Шерине

XS
SM
MD
LG