Бишкек шаарында жубайына бир нече жолу коргоо ордери берилгенине карабай зомбулук көрсөтүп келген деген шек менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук милициясы 12-февралда маалымат берди.
Ага караганда, 27-февралда М.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, узак убакыттан бери күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып келатканын айтып, чара көрүүнү суранган. Милиция ал келинге буга чейин бир нече жолу коргоо ордери берилгенин, күйөөсү аны көзгө илбей зомбулук көрсөтө бергенин тактады.
Бул фактылардын негизинде райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (“Кыйноо”) 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон. 49 жаштагы шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.
Шерине