Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-февралда Берлин шаарында Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушууда санкция боюнча маселе көтөрдү.
Жээнбек Кулубаев Европа өлкөлөрүн конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасоого чакырып, мындай чектөөлөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын билдирип, европалык институттар менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.
Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстандагы “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктарын жана “ТенгриКоин” компаниясын да киргизүү сунушун берген. Аталган банктарга "криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон" деген кине коюлган.
“ТенгриКоин” жабык акционердик коому Meer платформасы аркылуу А7А5 стейблкоинин сатууга активдүү катышканы, Орусиянын мамлекеттик “Промсвязбанкы”, А7 жана “Старый вектор” компаниялары менен кызматташканы айтылган.
ЕБ мындан тышкары Кыргызстанга чара көрүү сунушун да киргизген. Расмий документтин долбооруна караганда, Кыргызстанга компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал. Бул санкциялар менен Кргызстанга алгачкы жолу товар сатууга бөгөт коюлганы турат.
АКШ, Европа өлкөлөрү баштаган ири мамлекеттер даректүү чечимдер аркылуу Кыргызстандагы 25тен ашуун компанияга санкция салган. “Керемет Банкка”, “Капитал Банкка” буга чейин Орусия менен күмөндүү схемаларга катышкан деген негизде АКШ жана Улуу Британия да санкция жарыялаган болчу.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылы сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет. (BTo)
Шерине