11-февралда Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр боюнча сыйлыктар тапшырылды.
Ага ылайык, “Мончок медианын” “Эндиктин тамыры кимге керек?” материалы биринчи орунду алды. “Азаттыктын” журналисттери Эрнист Нурматов менен Бексултан Абибакир уулунун “Кыргызстан криптовалюта чыгарды, орус олигархы биржада миллиарддарды айлантты” видео иликтөөсү жана Мунарбек Имаровдун “Улан Эгизбаевдин иши уланууда… Мүрзө сатуу легалдуубу?” видеосу экинчи, ал эми үчүнчү орунду Даяна Данияр кызынын “Ош шаарындагы базарды жылдыруудагы мэриянын алешемдиги” деген аталыштагы материалы үчүн алды. Төртүнчү орун “Салам Медианын” “Баткен күрүчүнүн сапаты коркунучтабы?” жана “Тандыр Медианын” “Боз-Бөлтөктөгү мыйзамсыз казуулар жана экология” материалына берилди.
Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынды.
Сынакта журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы, автордук ыкма жана стили, теманы толук ачып берүү, иликтөөнүн далилдүүлүгү, алынган маалыматтын эксклюзивдүүлүгү, иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу эске алынат.
Белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.
Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы сентябрда ишмердигин баштаган. Фонд иликтөөчү журналисттерге тренингдерди, долбоорлорду уюштуруу иштери менен алектенет. Жыл сайын мыкты журналисттик иликтөөлөр арасында сынак жарыяланып, 12-февраль - Уланбек Эгизбаевдин туулган күнүндө сыйлык ыйгарылып келет. Бул жолу 11-февралда уюштурулду. (BTo)
Шерине