Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Тажикстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 200дөн көп аял өз жанын кыюуга аракеттенген

Өткөн жылы Тажикстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам 200дөн көп аял өз жанын кыюуга аракеттенген. Кээ бирлерин жакындары куткарып калган.

Мындай маалымат Тажикстандын Аялдар комитетинин жетекчиси Бунафша Файзиддинзоданын 5-февралдагы пресс-конференциясында айтылды.

2025-жылы тартип коргоо органдарына 3600дөн ашуун арыз түшкөн, бул былтыркыга караганда 403 учурга көп. Буга карабай өлкө мыйзамдарында үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жазасы каралган эмес.

2013-жылы үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу жобосу кабыл алынганы менен андай учурлардын саны өсүп, активисттер мыйзамга оңдоп-түзөө киргизүүнү сунуш кылууда.

Маалыматка караганда, чоң муштум күйөө жана анын туугандарынын зомбулугу көп үй-бүлөнүн кыйрашына себеп болууда.

Ал эми кайын-журтунан жапа чеккен эркектердин саны 590го жеткен.

Юстиция министри Музаффар Ашуриян былтыр жайында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш деп кароо тууралуу жобо даярдалып жатканын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG