Бишкектин түштүк тарабындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен кулап кеткен келиндин окуясы коомчулуктун үрөйүн учуруп, талкууга түштү. Бир учурда эки баласы менен кошо кулаган 27 жаштагы келиндин окуясын милиция териштирип жатат.
“2026-жылдын 4-апрелинде болжол менен саат 18:11 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына медициналык мекемеден билдирүү келип түшкөн. Анда 2021-жылы туулган Ж.А. реанимация бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган. Аныкталгандай, ошол эле күнү саат болжол менен 17:10 чамасында Жал кичи районунда жайгашкан батирлердин биринин 6-кабатындагы терезеден эки жашы жете элек бала 1999-жылы туулган апасы менен кошо кулап кеткен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду”, — деген билдирүү таратты Бишкек шаардык милициясы.
Милиция өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, 1992-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына жеткирилгени туралуу маалымат тартты. Маркумдун жакындары азырынча маалымат бере элек. Ал эми келиндин кайын журту бул окуя кандай жагдайда болгонун билбей турганын айтышып, маалымат берүүгө макул болгон жок.
Көз жумган келиндин кошуналарынын бири окуя боюнча ачык сүйлөп берүүдөн карманып, бул үй-бүлө тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
“Бул кошунам менен кирип-чыкканда учурашып турчубуз. Кээде үйдүн алдында чогуу отуруп калчу элек. Ынтымактуу үй-бүлө эле. Үй-бүлөдө чыр-чатакты уккан эмеспиз. Күйөөсү деле сылык, маданияттуу адам эле. Ал өзүнүн жанын кыйганга бара турган аял эмес эле. Мен кошуналарымдан уктум, кызынын атын айтып катуу кыйкырып, андан кийин катуу үн чыкты дешти. Мүмкүн, кызы түшүп кетип, анын артынан кошо түшүп кеткендир. Бир заматта эки баласы түшүп кетти, кудай сактасын”, — деди кошуналарынын бири. Ал жүзүн ачык көрсөтүүнү каалаган жок.
Маркум келин 27 жашта, үч баланын энеси болгон. Эки баласы өзү менен кошо кулап, бир жаштан өткөн наристеси да алган жараатынан улам чарчап калган. Беш жаштагы кызы учурда балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Наристенин абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты:
“Бала өтө оор абалда ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтапта баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык, жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган. Профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү”, — деп айтылат маалыматта.
Келиндин сөөгү республикалык соттук-медициналык өлүкканада кароо жүргүзүү үчүн жеткирилген. Ал жердеги кызматкерлер азырынча денесине кароо жүргүзүү иштери боло электигин, маркумдун жакындарынын макулдугун күтүп жатышканын айтышты.
Келин Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Ал эми жолдошу Ноокат районунан болот. Милиция жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталганын билдирип жатат. .
Бул окуядан кийин зордук-зомбулук маселеси кайра талкуулана баштады. Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январдан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (15 миң 675 факт) 27,5% же 4320 фактыга көп.
Шерине