Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Рыскулова: Аялдардын көйгөйүн ачык айтканыбыз да жетишкендик

Бүбүсара Рыскулова БУУнун атайын сыйлыгын алып жаткан учуру, 12-март, 2026-жыл.
Бүбүсара Рыскулова БУУнун атайын сыйлыгын алып жаткан учуру, 12-март, 2026-жыл.

Бүбүсара Рыскулова Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоо кыймылынын башында турган, 30 жылга жакын убакыттан бери “Сезим” аялдардын кризистик борборун жетектеп келаткан инсан катары Бириккен Улуттар Уюмунун “Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн” сыйлыгын алды.

Дүйнөлүк сыйлык белгилүү укук коргоочуга 12-март күнү Нью-Йоркто, Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде тапшырылды. Сыйлыкты тапшыруу аземине кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү да катышты. "Азаттык" укук коргоочу менен байланышып, ат жалында маектешти.

- Абройлуу сыйлыгыңыз кут болсун! Сизге мындай сыйлык берилгенине баарыбыз кубанып турабыз, ошого татыктуусуз. Бир жагынан бул сиздин эмгегиңизди, коомго кылган кызматыңызды баалоо, экинчи жагынан Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы аялдардын абалына көңүл буруу, аларга моралдык колдоо деп айтсак болобу?

- Болот. Бул жеке менин жасаган ишим эмес. Борбор Азияда биринчилерден болуп Кыргызстанда кризистик борборлорду иштете баштаганбыз. Анан ушул ишти, биздин жасаган иштерибизди баалап, көйгөйлөргө көңүл буруп, бийик форум болуп жатат. Жүздөгөн өлкөлөрдөн келишти. Жакшы баяндамалар болуп жатат. Тажрыйба алмашып жатабыз, кимде кандай иш болуп жатат деп.

- Ондогон жылдардан бери миңдеген кыз-келиндердин, аялдардын көз жашын аарчып, сооротуп, жашоого, келечекке ишеничин жандантып, үмүт берип келатасыз. Статистиканы карасак, силерге кайрылган аялдардын, милицияга арыз жазгандардан саны азайбай эле көбөйүп келатат. Коомдогу курч көйгөйгө айланган үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтыш үчүн мамлекет, коом эмнелерди жасашы керек?

- Биринчиден, коом түшүнүшү зарыл. Уюмдар, биз, кандайдыр бир факт болгондон кийин эле чуркап калуудабыз. Бирок маалымат берип, элге түшүндүрүү керек. Мына, 2019-жылга чейин коомдун ичинде жакшы эле жылыш болуп жаткан. Анан жанагыдай марш деген чыгып, ошону туура түшүнбөй, уюштургандар да бир аз опол сөздөрдү жазып коюптур деп жатат. Бул жолу кандай болгонун билбейм. Бирок коом деле түшүнүп калды. Биз Советтер Союзунан чыккан республикалардын арасынан биринчилерден болуп, 2003-жылы мыйзам кабыл алганбыз. Эл кыдырып, кол чогултуп, мен өзүм да катышкам ошого. 2017-жылы жаңы редакциясы болду.

Бирок укуктар мыйзам кабыл алып койсо эле корголуп калбайт экен. Азыр биздин уюм бизге кайрылгандарга жардам берип, алардын иши боюнча сотторго катышат. Мына, төрт-беш жылдан бери аябай оор кылмыштар, каза болгондор, зордукталгандар боюнча адвокаттар менен биздин уюм чогуу иштешип, иштердин 85% жабыркаган адамдардын пайдасына чечилди.

"Бактылуу аялдар көбөйөт деп ишенбесем жата бермекмин"
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:54 0:00

- Биз, аялдар, энелер, кыздарды, балдарды тарбиялоодо ролубуз, таасирибиз күчтүү. Зордук-зомбулукту азайтыш үчүн биз балдарды тарбиялоодо эмнелерди өзгөртүшүбүз керек? Эмнени туура эмес кылып атабыз?

- Эми балдар кээ бирде тарбиясыз эле калып жатпайбы. Өзү менен өзү калып калууда. Оокат табабыз деп "челнок" болуп кеткендер, азыр деле балдарын чоң эне, чоң атасынын колунда калтырып, эптеп курсагын тойгузуп коюп, тарбия-таалимге көп көңүл бурулбай калып жатат. Мектепте деле артка кетип бараткандайбыз. Ачкадан эч нерсе болбойт экенбиз, бирок коом, ичибиз көңдөйлөнүп, моралдык жактан ач болуп бараткандайбыз.

- Бул суроону бергеним, силерге кайрылган жаш аялдар көп учурда өзүнүн ата-энесинен, бир туугандарынан жардам ала албай айласы кеткенде барат эмеспи. Жакында эле өз үйүндө каза тапкан жаш келиндин апасы "Кызым күйөөм мени кайра уруп атат, алып кетиңизчи деп жазган, мен башка иштеримди бүтүргүчө өлтүрүп салыптыр" дебедиби. Бизде "чыккан кыз чийден тышкары" деген сыяктуу макалдар да бар. Мындай кайдыгер мамилени өзгөртө алабызбы?

- Ылдам эле өзгөрүп кетиш кыйын экен. Эки жыл мурда бизде бир трагедия болду эле. 27 жолу бычак менен сайып өзүнүн келинчегин эки жарым жаш баласы койнунда жатканда өлтүргөн болчу. Ошондо энеси боздоп ыйлап отурду "Эмнеге мен кайра жараштырып койдум экен. Ишенбедимби" деп. Орозо маалы болчу. "Мына, мен Орозо кармап жатам, экинчи антпейм" деп туруп бир жума өтпөй, бир аз күндөн кийин жанагыдай трагедия болуп жатпайбы.

Ата-энеден уят, чыккан кыз чийден тышкары, "өзүң бардыңбы, өзүң оокатыңды кыл" деп койгондор дагы кайдыгерлик. Эми ошол эне боздоп отурат небересин кучактап. Кызынан айрылды.

- Деги эле коом, мамлекет үй-бүлөдөн башталат. Балким, жаштар үй-бүлө куруудагы жоопкерчилик, ортодогу мамилелер жалпы коомдун, улуттун келечеги үчүн маанилүү экенин түшүндүрчү бир аңгеме-сабактарга муктаждыр. Кээ бир элдерде үй-бүлө курарда жаштарга атасы өзүнчө, энеси өзүнчө бир акыл-насаат айтат экен. Бизде, жана өзүңүз айттыңыз, үй-бүлөдө керек болсо сүйлөшпөй да калышат.

- Ошондой болуп калып жатат. Совет мезгилинде жашап калдык илгери. Тоталитардык режим дейбиз, бирок анда "энелер мектеби" деп баланы орогондон баштап кантип караш керек, баарын үйрөтчү эле.

Азыр бизде коомдук уюмдар деле көп, мамлекет деле иштеп жатабыз дейт. Бирок жалпы үй-бүлө институту, анын ичиндеги байланыш өзгөрдү.

Талкалап салыш оңой, бир паста экен. Бирок кайра калыбына келтириш кыйын. Билимден дагы начарлап кетиши... Идеология бизде жок дейт. Бар. Жөн эле "бүгүн курсагым тойсо болду, менден кийин эмне болсо ошо болсун" дегендей сезимдеги адамдар көбөйүп баратат. Жаштардын деле, улуу муундун арасында деле. Жалпы коом түшүнүшү керек.

8-мартка карата маршты "гейлердин парады, майрамы болуп жатат" деп акылдуу эле кишилер айтып, жазып жатышат. 2019-жылы туура эмес лозунгдарды алып чыгышканы, ооба, болгон. Мен деле ага каршымын. Биздин деле өзүбүздүн маданиятыбыз, салт-санаабыз бар.

- Ооба, коомдогу антагонизмди күчөтүп ийип жатышпайбы. Элде маршка каршы пикир түзүш үчүн жасалма сүрөт, видеолорду колдонушту. Сиз ошого карабастан коомдук ишмер, укук коргоочу катары өз оюңузду, адилет, калыс пикириңизди жашырбай ачык айтып, жазып келаткан саналуу инсандардын бирисиз азыр. Бийлик менен мамилеңиз кандай болуп жатат? Эскертүү алган жоксузбу?

- Жок, андай деле жок. Бийлик мени бул жакка алып келди да делегацияга кошуп. Вице-премьер Эдил Байсалов менин ишимди билет. 30 жылдан бери мен кантип баштап, кантип иштеп жатканымды баалады деп жатам.

БУУдагы сыйлык тапшыруу аземине катышкан кыргыз делегация мүчөлөрү, 12-март, 2026-жыл
БУУдагы сыйлык тапшыруу аземине катышкан кыргыз делегация мүчөлөрү, 12-март, 2026-жыл

- Кайгылуу окуяларды өзүңүз деле көрүп жатасыз, журналисттер кайгылуу, аял өз үйүндө каза болгон, жанын кыйган, депрессияга баткан окуяларды апта сайын жазып жатабыз. Президент Жапаров деле аялдарга, балдарга каршы кылмыштын жазасын күчөтүш керек деп айтты. Ошондой ыкмалар жардам береби? Мамлекетте программа, өкмөттө план барбы аялдардын акыбалын жакшыртуу боюнча?

- Жалпы программалар бар дечи. Бирок, мен дайыма айтып келем, кайсы бир оор тагдыр, жанагыдай трагедия болуп, бирок ошол адам өзүнүн жазасын албай, кутулуп кете берсе, канчалык укмуш семинар же тренинг болгон күндө да натыйжа чыкпайт. Ошондуктан биздин уюм, мен жеке өзүм көйгөйлөрдү сыртка чыгарып, соттор болуп жатканда катышып, иштейбиз. Элдин баары эле билип калган окуя - Таласта сот аткаруучу үч кызматкер бир келинди зордуктаганы тууралуу ишти 12 жыл дегенде аягына чыгардык. Эки жыл болду аягына чыкканына. Ушундай иштер калып калбашы керек. Эмне үчүн дегенде эл коомдук уюмдарга, мамлекетке ишенбей калат "ай, булар эптеп эле ишин жасап жатышат, Батыштын акчасын алып, жыргап жатышат" деп.

Изилдөө, семинар, тренинг өткөргөндөр бөлмөдө отуруп эле иштей берсе, ал эми бизге, кризистик борборлорго кичине кыйыныраак. Себеби биз коопсуз жай таап беришибиз керек, психологдор, адвокаттар, тийиштүү кызматтардын иштешин камсыз кылышыбыз зарыл.

- "Сезим" кризистик борборунда азыр канча киши иштеп жатат? Деги эле ушудай борборлордон канчоо калды? Каражат, жардам болуп жатабы?

- Ар нерсенин өз убактысы болот эмеспи. Бир жылга жакындап калды, аткаруучу директорлукка жаштан алганбыз. Мына киришип, иштеп жатат. Мен болсо кеткен жокмун, психолог, укук коргоочу катары сотторго катышып, дагы эле колумдан келген ишимди жасап жатам.

- Эл аралык уюмдардан, өкмөттөн силерге жардам, колдоо барбы?

- Өкмөттөн социалдык заказ деген программа бар. Ошондон алабыз. Эми, албетте, ал азыраак. Мына, көбөйтөбүз деп жатышат азыр. Иштеп жаткан көп борборлор каражат жагынан кыйналып, 100% кызматын аткара албай калышты. Биздики деле ошондой. Каяктан каражат болот, каяктан тамак таап беребиз, каяктан жардам алып беребиз деп. Кыйын эле азыркы заманда. Ушул көйгөйдү өзүбүздүн бизнесмендер да түшүнсө болот эле.

- Сиз аялдардын укуктарын коргоп келатканыңызга 30 жыл болду. Башка барар жери жок, керек болсо төрт-беш баласын кучактап алып келишет, жаш кыз, келиндер, аялдар... Ошолордун баарын сооротуп, көз жашын аарчып келе жатасыз. Эми азыр ушул 30 жылдык тажрыйбаңызга артка карап, буюрса келечекте кыйналган, барар жери жок аялдар азаят, бактылуу аялдар, бактылуу энелер көбөйөт деген ишеничиңиз барбы?

- Бар. Ишенбесем жөн эле жата берет элем. Мен жалгыз эмесмин. Коом иштеши керек. Мына, силердей журналисттер, бүгүнкү сиз менен баарлашып жатканыбызды угушса, бул деле бир жардам болот да. Советтер Союзу маалында бул көйгөйдү сыртка айткан эмеспиз. Биринчи жолу көтөрүп чыкканыбызда эмнени айтып жатасыңар, каяктагы зордук, зомбулук деген да сөз болгон. Психологдорду даярдачу эмес. Улуттук университетте эки жылдык кайра даярдоо гана бар болчу. Азыр кичине даярдалып жатат.

Кризистик абалга туш болгондор менен психолог адис иштеген тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө деле 100 жылга жете элек.

Бизде тажрыйба бар. Мына 30 жылдын ичинде эле мыйзам кабыл алынды, иштеп жатат.

Мен бул жерге келгенде Ооганстандагы, Ирандагы, Пакистандагы аялдардын тагдырын көрүп, угуп, ошолордун кейпин кийип калбайлы дедим.

Автобуста баратканда деле кыздарга кайрылып, "Арыдан бери болгула, сырткы форманы чүмкөп алгандан кийин бара-бара каякка баратканыбызды билесиңерби?" деп айтып калам. Мына Ооганстанда сегиз-тогуз жаштагы кыздарды күйөөгө берип, чүмкөнүп отурушат. Радикалдашкан уюмдар бизге көп эле кыйынчылык жаратууда.

- Өзүңүз айткандай, баарыбыз аткара турган иштер абдан көп. Аялдардын акыбалы, укуктары жаатында. Фемицид Кыргызстанда эле эмес, дээрлик бардык өлкөлөрдө, керек болсо Европада да бар. Бирок биз ачык айтып, талкуулап турганыбыз акыбалды жакшыртууга болгон кадам. Анткени ачык айтпасак ооруну өлүм ашкере кылат деп айтышат эмеспи кыргызда. Чоң рахмат. Сиздин жасап жаткан татаал, оор ишиңиздин акыбетин көрүңүз.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Шерине

XS
SM
MD
LG