Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

"Укугубуз бузула электе корголушу керек"

Психолог Гүлжамал Шерипканова
Психолог Гүлжамал Шерипканова

Кыргызстанда кыска убакыттын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан үч келиндин өмүрү кыйылды. Шотландияда жашаган мекендешибиз, коомдук саламаттык боюнча адис, психолог Гүлжамал Шерипканова ар бир адамдын алдын ала коопсуздук планы болушу керектигин "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Ош облусунун Ноокат районунда 19-февраль күнү 21 жаштагы келин асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле ал жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу айтканын белгилеп, келиндин өз жанын кыйганына ишенбей турушат. Жыл башында эле Сузакта 28 жаштагы келин мурунку жолдошунун колунан мыкаачылык менен каза тапкан. Ага чейин Бишкекте 47 жаштагы келинди күйөөсү туулган күнүндө атып өлтүргөн.

- Бир аз убакыт ичинде эле аялдарга карата бир нече зомбулук фактысы катталып, өлүм менен аяктаган окуялар дагы болду. Сиз буга байланыштуу Фейсбуктагы баракчаңызга пикириңизди билдирип, ар бир адамдын коопсуздук планы болушу керектигин жаздыңыз. Өзүңүз дагы Шотландиянын борбору Эдинбургда кризистик борборлор менен иштешкен кызматты жетектейт экенсиз. Жеке коопсуздукту кантип пландаш керек, анын кандай ыкмалары бар?

- Жеке коопсуздук планы деген ар бир адамдын, үй-бүлөнүн турмушунда болушу керек. Бала төрөлгөндөн баштап эле коопсуздукту талкуулайбыз. Мисалы, бала төрөлгөндө эле ымыркайды кантип коопсуз чоңойтобуз деген маселе жаралат. Бала оозуна зыян зат салып албашы керек, аллергия кылчу нерселерди колдонбошубуз керек, ымыркай бешикте жатканда тумчугуп калбашы керек дегендей... Ал эми үй-бүлөдөгү зомбулук маселесинде бул теманы башкача талкуулайбыз. Бул маселе жабырлануучу менен чогуу талкууланып, толтурулат.

Анткени ал өзүнүн жолдошунун же өнөктөшүнүн кандай учурда ачуусу келе турганын, кандай жагдайда сабай турганын жакшы билет да. Бул тууралуу социалдык кызматкерлер, бизге окшогон 3-сектордогу кызмат көрсөткөндөр, Саламаттык сактоо министрлиги, полиция, баарынын кабары болот. Ал аял тууралуу маалыматтар базага киргизилет. Эгер биздин кызматка бир күн келбей калса полицияга чалып, текшерип койгула деп сурана алам. Ал эми коопсуздук планы өзүнө, балдарына, өзүнүн абалына жараша түзүлөт. Мисалы, кете турган болсоң канча убактан кийин кете аласың, банкта насыяң болсо аны бөлдүңбү, ипотека болсо анын документтерин чогултуу, башка туугандарга айтылдыбы, бара турган жери барбы же кризистик борборго барасыңбы дегендей жагдайлар такталат. Ошол эле учурда ал аялдын психологиялык, эмоционалдык, физикалык коопсуздугу каралат.

Эгерде биз Кыргызстанда жылына ушунчадан аялдарды өлтүрө берсек улуттун коопсуздугу кандай болот? Анткени кызды төрөп, чоңойтуп, репродуктивдүү куракка жеткирүү үчүн минимум 18 жыл кетет дейли. Жаңы муунду өстүргүчө экинчиси өлтүрүлүп жатса ал улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасирин тийгизгени болуп эсептелет. Ошондуктан мен дагы реакция жасадым.

Бул маселе бала бакчадан, мектептен башталат. Менин жеке денеме кандай коркунуч бар, жолдон канча жолу өтөм, кимдерге кезигет күн сайын, аны ата-эне билеби, ушул нерселер эске алынышы керек. Ошого жараша коопсуздук планы ата-эне же мектеп менен чогуу түзүлүшү керек. Биз күтпөгөн нерселер, балким, катуу шамал, жер титирөө болуп кетет. Ошондой учурда эмне кылам дегендин баары коопсуздук планына кирет.

Гүлжамал Шерипканова Кыргызстанда тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат. Архив сүрөт.
Гүлжамал Шерипканова Кыргызстанда тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат. Архив сүрөт.

- Алдын ала түзүлгөн коопсуздук планы дайыма эле иштейби же ал жарабай дагы калышы мүмкүнбү?

- План деген иштейт дайыма. Акыркы зомбулук болгон учурду алалы, ал келин апасына "күйөө балаңыз уруп жатат" деп билдирүү жазыптыр. Албетте, ар бир адам индивидуалдуу. Мен, мисалы, бүт милицияны ошол жерге жетелеп келмекмин. Бул жакта ошондой учурда полиция пландайт да.

Зомбулук көрсөтүп жаткан адам психологиялык, менталдык жактан өзүн көзөмөлдөй албай, аффектке алдырышы мүмкүн. Андай учурда полицияда өзүнүн ошол киши менен сүйлөшүүлөрдү алып барган кызматкерлери болот. Ошого чейин эле зомбулук көрсөтүп жаткан адам кандай киши, мурда-кийин кылмыш жасаганбы, жокпу, ошонун баары тууралуу маалымат болот.

Жакында эле мен Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө Шотландиядагы тажрыйба тууралуу айтып бердим эле. Бул жакта атайын алдын алуучу Клэр мыйзамы деген бар. Ага ылайык, полиция атайын сайттан кайсыл бир адам тууралуу маалыматты чыгарып берет. Анда мурда-кийин ушундай зомбулукка аралашып, кылмыш кылгандардын реестри бар. Күйөөгө чыгардын алдында аялдар ошол тизмени текшерет, ошого жараша кадам жасайт.

Ал эми Жибектин өлүмү боюнча, сот аларды ажыраштырып үйүнө жөнөтүп жиберген. Ал жерде күйөөсүн коргоо ордери менен алып калыш керек эле. Бул жакта коргоо ордеринин бир нече түрү бар. Мисалы, бул учурда Жибектин күйөөсүн үйүнөн чыгарып салган түрү колдонулмак. Сотто ажырашуу болуп жатса бул киши мынча жолу полицияга чакырылыптыр, ушунча жолу коргоо ордери берилиптир деп эле экөөнү чогуу үйүнө жөнөтмөк эмес.

Коргоо ордери менен ал 200 метрге чейин жолой албайт эле. Эгер жанына жолосо кылмыш кылбаса дагы беш жылга чейин камалат. Көбүнчө зомбулуктан каза болгон учурунда өз жанын кыйды деген берене менен эле жаап коюшат. Аны соттук-медициналык эксперттер изилдеши керек. Өзүн өзү асканда башка, башка бирөө асса башкача болот.

Ал эми жеке коопсуздукту пландоо бир гана милициянын жумушу эмес, коомдун жоопкерчилиги. Жолдо өтүп бараткан адам көрүп калса жардам керек эмеспи деп сураш керек, кошунада ызы-чуу болуп жатса 102ге чалыш керек. Бала бакчадан баштап "мен уруксат бермейинче менин колумду кармабайсың" дегендей, бири-биринин эркиндигин урматтаганды кыздарга дагы, балдарга дагы үйрөтүш керек.

- Сиздер көбүрөөк кимдер менен иштешесиздер, жергиликтүүлөрбү же мигранттарбы?

- Азыр биз пакистандыктар, индиялыктар менен иштейбиз. Алар дагы кыргыздардай эле коллективдик коомдон келген. Бирок ага карабай эле зомбулук катталса кризистик борборлорго жайгаштырат. Шотландияда андай кризистик борборлор көп. Эң биринчи бала менен аялдын коопсуздугу каралат. Анткени үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда психологиялык, менталдык, физикалык жактан бир эле аял жабыркабайт, балдарга дагы зыяны тийет. Уруш-талашты көрүп чоңойгон балдар менталдык жактан саламат боло албайт. Эркек балдар баарын күч аркылуу чечем деген түшүнүктө чоңойсо, кыздар менин жолдошум деле ушундай зомбулук кыла берсе болот дегендей муну көнүмүш көрүп калат.

Ошондуктан биз улуттун коопсуздугун, менталдык саламаттыгын ойлонушубуз керек. Мен жетектеген зомбулукка каршы кызмат деп айтылат. Бирок кризистик борборлор менен чогуу, тыгыз байланышта иштешебиз. Кризистик борборлордун функционалдык жумушу башка, өздөрүнүн аялдар убактылуу жашай турган үйлөрү болот. Дарегин эч ким билбейт, 24 саат видео көзөмөлдө болуп, 102дегидей нөөмөттө бирөө отурат.

Шектүү адамды көрсө полиция чакырылат. Ал жерде аялдар өзүн чын эле коопсуз сезет. Ал эми биз психологиялык жактан укуктук жардам беребиз. Зомбулукка туш болгон аял сырты эле калбаса өзүн жоготуп коёт. Өзү жөнүндө, баалуулугу, максаты, кыялы дегендин баарын жоготуп койгон учурлар болот. Психологиялык травмалар менен иштешип атып ошонун баарына кайтып келет.

Ал эми дененин травмасын айтып бериш кыйын. Алар менен рефлексология, дене менен иштеген атайын адистер иштейт. Кээ бир травманы сөз аркылуу чыгарбай денебиздин ар кайсыл жеринде кармайбыз да. Эгер коопсуздугуна каршы маалымат болуп калса башка уюмдар менен чогуу иштейбиз.

Мисалы, биздин кызмат алардын үйүнө камера алып берет. Негизи бул кызматтын түзүлгөнүнө 20 жылдан өттү, ал эми мен анда бир жылдан ашуун иштеп жатам. Азыр кызмат ак аялдар, азиялыктар, африкалык аялдар же азчылык менен иштеген кызмат деп бөлүнгөн. Анткени ар бир улуттун маданиятын дагы түшүнүү керек. Мисалы, пакистандык аялдарда намыска карата зомбулук бар. Үй-бүлөмдүн намысын буздуң деп уруш болушу мүмкүн. Аны ак түстүү адис түшүнбөйт, анткени Шотландияда андай кылмыш жок. Шотландиялыктар "мени акылы жок деп айтты, мен өзүмдү жаман сезип жатам" деп арыз жазышат. Бул психологиялык манипуляциянын жана эмоционалдык зомбулуктун бир түрүнө кирет.

Гүлжамал Шерипканова
Гүлжамал Шерипканова

- Кыргызстанда зомбулукка байланыштуу бир нече жолу коргоо ордери берилип, бирок ал иштебеген учурлар ачыкка чыккан. Шотландияда коргоо ордеринин бир нече түрү бар экен, ал аткарылбай калган учурлар болобу?

- Бул жакта коргоо ордеринин түрү бар жана ал кагаз жүзүндө эле эмес чынында иштейт. Кыргызстанда, мисалы, Аселдин учурунда бир нече орган иштебей, кагаз катары болуп калган. 200 метр жакындасаң эле полиция сотко алып барып, камалат. Ошондой эле Шотландияда кошуналардын көзөмөлү абдан өнүккөн. Бири-бирин карап турушат, бардык жерде видео көзөмөл турат. Бул жакта жөндөн-жөн эле жоголуп кетүү деген сейрек, баары базада бар.

Мисалы, мен өзүмдүн аты-жөнүмдү жазсам эле толтура маалымат чыгат. Анткени психология тармагында иштеш бул жакта оңой эмес, абдан жоопкерчиликтүү. Мыйзамды сактабасаң, кардар арызданса лицензияң алынат. Жөн эле мен бирөөгө кеңеш бере албайм, ал кеңеш илим, билимге негизделиши зарыл. Мен бул тармакта иштегениме жети жылдай болду, алгач мектепте психолог болуп баштагам.

Шотландияда кризистик борборлор көп, алардын бардыгын жергиликтүү администрация каржылайт. Биздин укукту коргоо жергиликтүү администрациянын жумушу да, менин укугум бузула электе корголушу керек. Ошон үчүн мен салык төлөп жатам жана талап кыла алам. Шотландияда баары эле жакшы деп айта албайм. Бул жакта деле кылмыш, түшүнбөстүк, начар көрүнүштөр болот. Бирок мыйзам иштегендиктен бат эле чечилет.

- Азыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамдар катаалдаган. Ошого карабай үрөй учурган учурлар катталып жатканынын себеби эмне деп ойлойсуз?

- Зомбулуктун себеби көп факторго байланыштуу. Экономикалык, ишенимге, мыйзамдын аткарылышы дагы суроо жаратат. Мыйзамдар иштебеген сайын адамдарда "жасай берсем болот экен" деген сезим пайда болот. Андан сырткары "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн жаап-жашыруу.

Азыр аялдын укугу абдан төмөндөп кеткен деп ойлойм. Мисалы, биздин учурда кыздар билим алыш керек, иштеш керек деген ойлор айтылчу. Азыр "кыздар турмушка чыгышы керек", "башканын бүлөсү болосуң" деген ойлор көбүрөөк айтылгандай. Ошондой учурда кыздар өз баасын жоготуп баратат. Ушул багытта көп факторлуу иш алып барыш керек.

Биринчи кезекте мыйзамдан башталат, анан билим берүү, агартуу, коом катары кайдыгер болбошубуз керек. Бирөөнүн маселеси деп тим коюшубуз мүмкүн, бирок ошол эле учурда милицияга телефон чалып коюу менен бир адамдын өмүрүн сактап калууга дагы себепчи болушубуз ыктымал.

Милициянын гана эмес, бул медианын дагы жумушу. Фильм, музыкада бир чаап койсо эч нерсе болбойт дегендей көрүнүштөр бар. Ошонун баарында этикалык моралдык жагы каралышы керек. Кинодо "тынч отурчу, оозуңду жап" деп кыйкырса аялга кыйкырса болот экен деген ой жаралат. Бардык тармакта зомбулукка каршы иш-чара жүрүшү керек.

Гүлжамал Шерипканова
Гүлжамал Шерипканова

Клэр мыйзамы (Clare's Law) - үй-бүлөдөгү зомбулукту ачыкка чыгаруу схемасы (DVDS) деп аталат. Бул Улуу Британияда жана Шотландияда полицияга өнөктөшүнүн зомбулук таржымалы жөнүндө маалымат берген юридикалык процедура. Мыйзам 2009-жылы Клэр Вуддун атынан коюлган. Ар бир адам кооптуу болушу мүмкүн деп эсептеген адам тууралуу полициядан учурдагы же мурунку өнөктөшү тууралуу маалымат сурай алат. Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында Канадада, Австралияда иштейт.

Англиянын Солфорд шаарында 34 жаштагы Клэр Вудду мурдагы өнөктөшү Жорж Эпплтон өлтүрүп, өрттөгөн. Кылмыштан кийин Эпплтон мурда дагы зомбулук көрсөтүп, аялдарды аңдып, өлтүрүү менен коркутуп жүргөнү ачыкка чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG