Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

"Бирөө кайра качып кетти". Изделип жаткан балдар табылды

"Акниет" турмуштук оор кырдаалда калган балдар үчүн борбору.
"Акниет" турмуштук оор кырдаалда калган балдар үчүн борбору.

"Акниет" балдар борборунан качып кетип изделип жаткан балдар табылды. 23-февралда милиция борбордун беш тарбиялануучусуна издөө жарыялаган. 20-январдан 19-февралга чейин жоголгону айтылгандар - 15-16 жаштагы өспүрүмдөр.

Айрымдар бул көрүнүшкө борбордун кызматкерлерин күнөөлөшсө, башкалары азыркы балдарды тарбиялоо оорлоп кеткенин айтышууда. Окуянын чоо-жайын билүү максатында аталган борборго барып келдик.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 23-февралда борбордун беш тарбиялануучусуна издөө жарыялаган. Балдар 20-январдан 19-февралга чейинки убакта жоголгону айтылган.

Борбордун жетекчиси Жайнагүл Жумабекова балдардын баары табылганын, бирок бирөө келери менен дагы качып кеткенин айтты:

Жайнагүл Жумабекова
Жайнагүл Жумабекова

"Балдарыбыздын үчөө кечээ келген. Мурдагы күнү эки балабыз табылган, бирөө эртеси күнү кайра качып кетти. Анын кетиши үй-бүлөлүк шартка байланыштуу болуп жатат. Табылган күнү эле баары менен профилактикалык иштер жүрүп, психологго киришкен. Кайра качкан бала “мамама жардам беришим керек” дептир. Качуу кээде адат болуп калат экен да. Мурда үйүнөн качып көнгөндөр бар. Балдар менен психологдор, инспекторлор иштешип жатат. Ошого карабай ушундай болуп калат экен".

"Акниеттеги" балдар тарткан сүрөттөр.
"Акниеттеги" балдар тарткан сүрөттөр.

Учурда социалдык тармактарда “балдар борбордогу шартка, катаал мамилеге чыдабай качты” деп жазгандар болууда. Борбордун жетекчиси бул сөздөр ушул жерде күндөп-түндөп жүргөн тарбиячыларга оор тийип жатат дейт:

“Биздин борборго үч жаштан 18 жашка чейинки турмуштук оор кырдаалда калган балдар кабыл алынат. Кээде ата-энелер турмуш шарттан кыйналып, “балдарды багып бергиле” деп кат жазышат. Келген балдарга моралдык, психологиялык, медициналык жана социалдык колдоо көрсөтөбүз. Ушул жерде жатып мектепке барышат, беш маал тамак берилет. Азыр интернетте биздин борбор тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатат. Балдардын баары эле качпайт. Бул жерде зомбулук, чоңсунуу жок. Мен муну толук жоопкерчилик менен айта алам. Кыргыз элине, Бишкектин тургундарына айткым келет, борбордо шарт жакшы. Мамлекет балдарды тамак-аш, кийим-кечектен өксүткөн жок. Сиздер ойлогондой абал кооптуу эмес. Ар кандай терс пикирлер балдарга да катуу тийип жатат”, - деди Жумабекова.

"Акниеттеги" балдар жасаган буюмдар.
"Акниеттеги" балдар жасаган буюмдар.

Жал кичи районундагы “Ак ниет” реабилитациялык борбору 1999-жылы ачылган. Мамлекет каржылаган бул борбордо учурда отуздан ашуун бала бар.

Борбордун кызматкерлеринин айтымында, балдар бул жерде алты айга чейин жатышат. Андан кийин аларды калтыруу же башка жактарга жайгаштыруу маселесин атайын органдар чечет.

Аталган борбордун психологу Канайым Алмазбекова балдардын борбордон качышына ар кандай себептер түрткү болорун белгиледи.

Канайым Алмазбекова.
Канайым Алмазбекова.

“Эркектик намыс деп коет го. Табылып, кайра качып кеткен баланын апасынын турмуш-шарты оор экен. “Апам кыйналып жүрсө, бул жерде кантип жатам, иштеп жардам берем” деп жаткан. Кээ бир балдар чындап эле эркин жашагысы келет. Бизге кээде тарбиядан өксүгөн же ата-энеси башкара албай калган балдар дагы келет. Андай балдар менен тил табышуу оор. Көйгөйүн дароо биле албайбыз. Ошон үчүн адегенде коопсуз психологиялык чөйрө түзөбүз. Ишеним болбосо көп балдар ачылбайт. Андан кийин жакшы сапаттарына басым жасап, алардын өзүнө болгон ишенимин кайтарабыз. Менин байкашымча, бул жактагы балдар өзүн чөйрөдөн оолак кармайт. Элге аралашкысы келет, бирок коркот. Өзүнө көңүл бурдургусу келгендер да бар. Кээ бир балдар аябай түнт болот. Алар эки-үч консультациядан кийин ачылып, сырын айтышат. Эгер сырдашуу маалында зомбулукка кабылганын билсек, өзүнүн макулдугу менен документтештирип, тиешелүү органдарга кабарлайбыз. Кээде баласын көргөнү келген ата-энелер менен баарлашып, балага кандай мамиле кылуу боюнча кеп-кеңештерди беребиз. Бизге келген көп балдар жакшы жагына өзгөрүп кетет”.

Алты ай ичинде борборго келген балдар кол өнөрчүлүктү үйрөнүшөт, алар үчүн сүрөт, музыка ийримдери ачылган. Ушул жерде жатып окугандар арасынан мектеп олимпиадасына катышып, алдыңкы орундарды жеңип алгандар, учурда чет өлкөдө окуп, иштеп жүргөндөр да бар экен.

"Акниеттеги" балдар жасаган буюмдар.
"Акниеттеги" балдар жасаган буюмдар.

“Акниетте” учурда отуздан ашуун кызматкер иштейт. Балдарды 24 саат бою көзөмөлдөгөн тарбиячылар 25 миңге жакын маяна аларын айтышты.

"Социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүү керек"

Кыргызстанда аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарга көз салуу милдети социалдык адистерге жүктөлгөн. Алардын сунуштамасы менен турмуштук оор кырдаалда калган балдар социалдык коргоого алынат.

Бишкек мэриясынын акыркы маалыматына таянсак, Социалдык өнүктүрүү департаментинин 30дай кызматкери оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөр жана балдар менен иш алып барат.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык коргоо системасын күчтөө керектигин, бул үчүн адистердин айлыгын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

“Биз качан гана балдар качып кеткенде милициянын күчү менен таап жатабыз. Маселени ага жеткирбей гумандуу жол менен, социалдык кызматкерлердин көмөгү менен чечишибиз керек. Анткени үй-бүлө урай электе жардам көрсөтө тургандар, балдардын коопсуздугуна көз салгандар - булар социалдык коргоо кызматкерлери. Бирок бизде алардын айлыгы аябай аз. Азыр өкмөт мугалимдердин, дарыгерлердин маянасын көтөрүп жатат. Бул жакшы. Бирок социалдык адистердики, ушундай мекемелерде иштегендердики көтөрүлгөн жок. Айрымдары он үч миң сом алат экен. Ал акчага кантип жан багат? Мурда өкмөт социалдык кызматкерлердин транспорттук чыгымдарын төлөп берчү. Быйыл ал дагы кыскарып калыптыр. Кыргызстанда оор кырдаалга учураган үй-бүлөлөр аз эмес. Ата-энелер өздөрү дагы үй-бүлөнү багуу, камкордукка алуу жагынан сабатсыз болууда. Мындай учурда көйгөйдү социалдык кызматкерлери чечиши керек эле. Бирок аларга көңүл бурулбай жатат. Айрыкча айыл жериндеги социалдык кызматкерлер кыйналышууда”.

Ата-эне болууга даярдык керекпи?

Адистер азыркы муундун аң-сезими, заман талабы өзгөргөнүн, ар бир баланын өзүнчө дүйнөсү барын айтышып, ата-эне аны ачканга аракет кылышы керек дешет.

Алар жаш муундардын психологиясы өзгөргөнүн, мурдагыдай ата-эненин какыс-кукус кылганын, теңтуштары менен келишпестиктерди көтөрө албай калганын белгилешет. Мындан улам бала тарбиялоо жаатында көптөгөн усулдарды, көз караштарды өзгөртүү керек дегендер да бар.

Педагогика жаатындагы эксперт Асылбек Жооданбеков соңку кырдаал үй-бүлө институтуна байланыштуу орчундуу көйгөйдү ашкере кылды дейт.

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

“Акыркы жыйырма жылда технологиянын, ааламдашуунун ыкчамдашы менен ата-энелерге, коомго, агартуучуларга көбүрөөк жоопкерчилик артылды. Мурда айыл жеринде балага тууган-туушкан, чөйрө, баалуулуктар таасир этчү. Азыр кыргыз элинде да урбанизация күч алды. Кошуналар киришпейт, туугандар деле көп кабар алышпайт. Мындай шартта балдарды тарбиялоо оор болуп калды. Бирок жалпы адамзаттык баалуулуктар ошол эле бойдон турат. Азыр ата-эне болуу чоң жоопкерчиликти, билимди, изденүүнү талап кылат. Эгер ата-эненин таасири, жоопкерчилиги жок болсо, бала керели кечке телефондо отуруп, ошол жактан көргөнүн үйрөнөт. Бүгүнкү күндө ата-энеси тирүү социалдык жетимдер пайда болду. Анткени ата-энеси баланын инсан катары калыптана турган, тарбия бере турган убагын көңүл бурбай өткөрүп алган. Өспүрүм куракка келгенде аларды тарбиялаш кыйын. Экинчиден, балага билим берген педагогдун турмуш-шарты жакшы болбосо ал келечек муундун талантын ача албайт. Тилекке каршы, шаар жеринде 25-30 миң менен кантип иштесе болот? Андай адис кайдыгер болот да. Ата-эне, анан педагог кайдыгер болсо, келечек кандай болорун элестетип көрүңүз”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2025-жылы өлкөдөгү балдардын саны 2 миллион 715 миңди түзгөн, алардын 51,4% эркек балдар. Жети жашка чейинки курактагылар 39%, 7-14 жаштагылар 46%, 15-17 жаштагылар 15%. Балдардын көбү (63,6%) айыл жергесинде жашайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG