Ырчы жана комузчу Аскат Жетиген абакка түшкөн учурунда кыйноого кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал 24-октябрда журналист Семетей Аманбеков менен подкастта айтып берген. Анын айтымында, атайын кызматтын кызматкерлери аны ток менен кыйнап, башына желим баштык кийгизип, сабашкан.
"Мени тергөө абагына алып баратышкан. Мени алып жүргөн балдардын бирине бирөө чалып, ал “макул, шеф” деп, мени УКМКнын шаардык бөлүмүнө алып барды. Ал жерде беткап кийген төрт адам жүрүптүр. Унаа токтоп, токтой электе эле мени сүйрөп түшүрүштү. Колума кишен салып, жер төлөгө алып киришти. Темир отургучка отургузуп, колдорума ток туташтырышты. Менин болжолум боюнча, бул бир сааттай убакытка созулду. Башыма баштык кийгизип, буттарымды тепкилеп, сабашты. Бутума тура албай калдым".
Аскат Жетигендин билдирүүлөрүнө расмий жооп боло элек.
Ырчы “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айыпталып, үч жыл Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отуруп, быйыл 19-августта чыкты. Ал күнөөсү жоктугун белгилеп, ырайым сурабай, өзүнө чегерилген үч жылдык мөөнөттү толук өтөгөнүн билдирген. Абакта отурган кезде тергөөдө кыйноого кабылганы тууралуу бир нече жолу кат жазып, аны тиешелүү органдар четке каккан.
Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан.
“Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.
33 жаштагы Аскат Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.
Ушул аптада ал мындан аркы ишмердүүлүгүн саясий позициясынын алкагында жүргүзөрүн жана маданиятты, тарыхты, кыргыздын салттуу музыкасын өнүктүрүүгө басым жасай турганын Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Шерине