2026-жылдын башынан бери Кыргызстандагы Улуттук хирургия борборунда төрт бейтаптын боорун алмаштыруу боюнча операция жасалды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин 26-октябрдагы жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, учурда өлкөдө боорун алмаштырган 648 жаран бар, алардын ичинде чет өлкөлөрдөн трансплантация операциясын жасатып келгендер да бар.
Комитет отурумунда берилген маалыматтарга ылайык, бир бейтаптын боорун алмаштырууга бюджеттен 1,5 млн сом сарпталат. Ал эми бөйрөк алмаштырууга 2026-жыл үчүн 20 операцияга бюджеттен 12,2 млн сом каралган. Операция акысын Саламаттык сактоо министрлиги толук төлөп берет.
2024-жылдан бери жергиликтүү клиникаларда 116 бөйрөк алмаштыруучу операция жасалган. Жалпысынан 880 бейтап бөйрөгүн алмаштырган, алардын ичинде да трансплантация операциясын чет өлкөлөрдөн жасатып келгендер бар.
Кыргызстанда боор алмаштырган алгачкы медициналык операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 2024-жылы жасалган. Анда 50 жана 51 жаштагы эки бейтаптын боору алмаштырылган. Боор трансплантациялоону Түркияда атайын окуудан өтүп келген жергиликтүү дарыгерлер жасап, аларга түркиялык адистер көмөктөшкөн.
Саламаттык сактоо министрлиги быйыл 1-январга карата Кыргызстанда боорун алмаштырган 578 жаран жашай турганын маалымдаган. (ZKo)
Шерине