Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Сот Элдар Жакыпбеков баш болгон беш адамды камакта калтырды

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.
Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, шектүүлөрдү Бишкектеги №1 тергөө абагына 15-ноябрга чейин камакта калтырды.

Шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү берген.

УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов 15-ноябрга чейин камакта калтырылды.

УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев (ред: каймана аты Пито), 9-декабрга чейин камакта калды. Шектүүлөр Бишкектеги №1 тергөө абагында жатышат.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Калган шектүүлөр анын артынан эле катары менен колго түшүрүлгөн.

Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG