Президент Садыр Жапаров сотторду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринен "коркпоого" жана кылмыш иштерин кароодо көз карандысыз чечим чыгарууга чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүү тургундун арызын угуп жатканда билдирди.
Президентке райондун Курулуш айылынын тургуну кайрылып, "атайын кызматтын тергөө абагында жаткан жолдошу кыйноого кабылганын" айткан. Ал жолдошу эки жыл мурда алдамчылык боюнча УКМК кызматкерлери тарабынан кармалганын, күйөөсүнө козголгон кылмыш иши бурмаланганын айтты.
Президент бул иш боюнча прокуратура өкүлүнүн сөзүн уккандан кийин, залдагы сотторго кайрылып, ишти калыс кароого чакырды.
"Соттор, адилеттүү карагыла. Реалдуу түрдө карагыла, эч кимден коркпогула, түшүндүңөр ээ. Ишти УКМК козгогон болсо, алардан да, башкадан да коркпогула. Силер көз карандысызсыңар да. Көз карандысыз, адилеттүү териштирип, анан чекит койгула", - деди президент.
Президент Садыр Жапаров 22-октябрдан тарта Жалал-Абад облусунун аймактарын кыдырып, эл менен жолугушту. Жолугушууларда мамлекет башчыга жакындары УКМК кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айткан бир нече адам кайрылды. Бул кайрылуулар боюнча коопсуздук кызматы комментарий бере элек.(ZKo)
Шерине