Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапары маалында 24-октябрда Токтогулда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди. Жергиликтүү тургундардын бири энергетикага байланышкан маселени көтөрдү. Майнинг фирмаларына электр энергиясын берүүнү токтотуп, үнөмдөлгөн электр энергиясын калкка берүүнү сунуштады. Анда Алексей Ширшовдун да ысымы аталды. Жапаров Ширшовдун ысымын саясатчылар бийликке каршы сын-пикир үчүн колдонуп келгенин айтты.
Алексей Ширшов өзүнө кайрылганда 30–35 миллион долларлык, кубаттуулугу 30 мегаватт болгон майнинг фермасын курууну сунуштаганын билдирди.
"Мен ага “Акчаң болсо, 30–35 миллион долларлык 30 мегаватттык майнинг ферма кур. Ошону иштетип, 4–5 жылда чыгымыңды актайсыңбы?” десем, “актaйм” деди. Андан кийин мамлекетке өткөрүп бересиң дедим. Ошентип, аны мен курдурганмын. Азыр эки жыл өттү, дагы үч жылдан кийин жүз пайыз мамлекеттин пайдасына өткөрүп берет", - деди президент.
Жапаров уюшкан кылмыштуу топтун башчысы деп аталган Камчы Көлбаевге тиешелүү "Барс" эс алуу жайын мамлекеттин пайдасына эки эсе кымбат баада Ширшов сатып алганын кошумчалады.
Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү катары атап келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров буга чейин да түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
Алексей Ширшов убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келет.
Быйыл сентябрда Кыргызстанда энергетика жана башка тармактардагы айрым кылмыш иштеринде аты аталган Алексей Ширшов өзүнүн атындагы фондду “жеке каражатынын эсебинен каржылап жатканын”, “эч кандай саясий дымагы жок экенин”, “Каракол жубайы ушул шаардан болгондуктан тандалганын” айткан видеотасма жарыяланган.
Алексей Ширшов муну менен биринчи жолу коомчулукка ачыкка чыкты. Буга чейин ал Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан.
Шерине