Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:07

Ош шаарында Европа кинофестивалы башталды

Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарында бүгүн, 25-октябрда, Европа кинофестивалы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чараны Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурган.

Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө «Агым» (Латвия, Франция, Бельгия) анимациялык тасмасы, «Ливан асманы» (Франция) драмасы, «Жүрөктүн ритминде» (Германия) музыкалык-бий драмасы, «Земмельвейс» (Венгрия) тарыхый драмасы, ошондой эле кыргыздын салттуу оюндарын даңазалаган «Көчмөндөр оюндары» аттуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт.

Иш-чара эки күнгө созулат. Кинофестиваль «Семетей» кинотеатрында өткөрүлүп, шаар тургундары үчүн кирүү акысыз болот.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG