Франциянын ондогон шаарларында 24-октябрда өткөн нааразылык акцияларына жүз миңдеген адам катышты. Акциялар айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар менен коштолду.
Бир жума мурда болгон жапырт нааразылык акцияларында өрт коюу жана талап-тоноо учурлары катталгандан кийин бийлик көчөлөргө 70 миң полиция кызматкерин чыгарды. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жүздөгөн адамдарды кармады.
Жүрүштөр жана демонстрациялар башталгандан бир нече сааттан кийин 135 адам кармалганы кабарланган. Ошондой эле кармалгандардын жанынан куралдар алынганы айтылды. Кечке маал Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча кармалгандардын саны миңге жакындады.
Ички иштер министри Лоран Нуньес ишемби күнү кечинде журналисттерге кымбатчылыкка каршы өткөн акциялар негизинен тынч өткөнүн, бирок "ашынган солчул топтордун" өкүлдөрү полиция кызматкерлерине ар кандай заттарды ыргытып, фейерверктерди атып, кагылышууларга түрткү бергенин билдирди.
Нааразылык акциялары Франциянын көптөгөн шаарларында өттү. Лион, Тулуза, Лилль жана Нант шаарларында демонстрация алдын ала макулдашылган тынч акциядан тополоңго айлана баштаганда полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгону кабарланды.
Министрдин айтымында, эки адам оор жаракат алды. Алардын бири Тулузада жабыркаган. Маалыматтарга караганда, 20 жаштагы жигиттин манжалары үзүлүп кеткен. Экинчи жабырлануучу Клермон-Ферран шаарынын тургуну. AFP агенттиги белгилегендей, министр бул окуялар боюнча кенен маалымат берген жок.
Полициянын маалыматына ылайык, демонстрация өткөрүүгө тыюу салынган Ницца шаарында эки миңден ашуун адам чогулган. Бийлик акцияны таратуу учурунда ашынган оңчул жана ашынган солчул кыймылдардын өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болгонун билдирди.
Мындан тышкары, 63 адам кармалып, эки полиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Нааразылык акциясынын үч катышуучусу жеңил жаракат алган.
Кечке жуук ишембидеги нааразылык акцияларын уюштурган француз кесиптик кошуундары өлкө боюнча иш-чараларга 800 миң адам катышканын билдиришти. Алар Париждеги демонстрацияга 250 миңдей адам чыкканын маалымдашты.
Шерине