Президенттик шайлоодо талапкер болуу ниетин билдирген, жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеген Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча сынактан өткөнүн 24-октябрда Фейсбук баракчасында жарыялады.
21-октябрда ал “Кыргызтестке” кайрадан сынак тапшыруу үчүн барганын, жазуу боюнча тапшырма аткарганын билдирген.
12-октябрда Жапыкеев кыргыз тилинен тест тапшырып, жетиштүү баа ала албай калган.
19-октябрга караган түнү ал үйүнөн милиция кызматкерлери кармап кеткенин билдирген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сыймык Жапыкеев Бишкектеги Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жашоочусунун ал "тынчтыкты бузуп, кыйкырып, ызы-чуу чыгарып жатканы" тууралуу арызынын негизинде милицияга жеткирилгенин маалымдаган.
Бул фактыны Биринчи май райондук милиция бөлүмү каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган.
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.
Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу нитетин билдирип, 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, өтпөй калган. Ал лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алган эмес.
Президенттик шайлоо Кыргызстанда 27-январда өтөт.
Шерине