Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:43

Украина Starlink спутник байланышы калыбына келгенин билдирди

Starlink системасы. Украина. (архив)
Starlink системасы. Украина. (архив)

Украинада Starlink спутниктик байланыш системасынын жана анын аскердик багыттагы Starshield версиясынын иши саатына 400 чакырымдан ашкан ылдамдыкта калыбына келтирилди. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Евгений Хмара билдирди.

"Байланыш туруктуу иштеп жатат. Бул түз диалог жана Украинанын президентинин эң жогорку деңгээлдеги ырааттуу позициясы натыйжа береринин дагы бир мисалы. Бул натыйжа биринчи кезекте фронт, аскерлер, учкучсуз аппараттардын иши, логистика жана байланыш үчүн маанилүү", -деген министрдин сөзүн "Интерфакс-Украина" агенттиги келтирди.

Буга чейин, 24-октябрда эртең менен украиналык маалымат каражаттары Коргоо министрлигиндеги булактарына шилтеме кылып, кызматтар саатына 161 чакырымдан ашкан ылдамдыкта иштей баштаганын жазышкан. Ошол учурда адистер жогорку ылдамдыкта иштөөсүн текшерүүнү улантып жатканы кабарланган.

23-октябрда кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Starlink кызматына толук жеткиликтүүлүк калыбына келтирилгенин билдиргенине карабастан чектөөлөр дагы эле бар экенин айткан. Анын маалыматына караганда, ошол учурда аппараттар саатына болжол менен 161 чакырым ылдамдыкта жүргөндө байланыш үзүлүп жаткан.

Starlink жана Starshield системаларындагы үзгүлтүктөр 14-октябрга караган түнү башталган. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Starshield терминалдары жогорку ылдамдыкта кыймылдаганда байланышын жогото баштаган. Бул сокку уруучу дрондорду жана дрон-кармагычтарды колдонууга, ошондой эле чалгындоо жана логистикалык тапшырмаларды аткарууга кыйынчылык жараткан.

Маалымат каражаттары көйгөйлөрдү Киев менен Вашингтондун ортосундагы мамиленин курчушу, анын ичинде Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку уруу маселеси боюнча пикир келишпестиктер менен байланыштырышкан. Айрым басылмалар чектөөлөрдү киргизүү демилгеси Ак үйдөн чыкканын жазса, башкалары SpaceX компаниясынын ээси Илон Маскты аташкан. АКШ президенти Дональд Трамп Ак үй мындай буйрук бергенин четке кагып, администрация Масктан байланыштын ылдамдыгын калыбына келтирүүнү суранганын билдирген. Маск бул боюнча түз комментарий берген эмес.

Starlink менен байланыштагы көйгөйлөрдөн кийин Украина өзүнүн спутниктик байланыш инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка жолдорун да издей баштаган.

22-октябрда Украинанын Коргоо министрлиги Финляндиянын ICEYE жана Nokia технологиялык компаниялары менен кызматташуу ниети тууралуу документке кол койгон. Кызматташтык келечекте Украинага спутниктик байланыш инфраструктурасын көбүрөөк көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берери айтылган.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG